Канат Исаевдин кызы кайрылуу жасады

Канат Исаевдин кызы кайрылуу жасады

 

Кечээ

ЖК депутаты Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаева “Акыркы окуялар боюнча кичине сөз” деген аталышта Фейсбуктагы өздүк баракчасына орусча жазып чыккан. Аны биз кыргызчалап берип жатабыз. Бермет мындай деп жазган:

—Мен биздин өлкөнүн туура ой жүгүрткөн, эркин жана көз карандысыз элине кайрылып жатам. Ишенип коюңуздар, силер азсыңар. Калгандарыңар менин жазгандарыма көңүл деле бурбай койсоңор болот, кантсе да бул силердин жетекчилериңерге жакпайт.

Бийликтегилер атама каршы ишенимдүү жалаа жапканга аракет кылышыптыр. Ошол видеону кайрадан жакшылап карасаңыз, бир нерсе байкайсыз:

1) Видеодо менин атам акүйдү басып алуу жана башаламандыкты уюштуруу боюнча бир да жолу сөз кылган эмес.

2) Баарыңарга эле белгилүү, Кыргызстанда жумушчу күчү акысыз эмес, штабдар, үгүтчүлөр, элди жыйноо, жолугушууларды өткөрүүнүн баары акча. Андыктан акча жогорудагы себептердин бири боюнча берилиши мүмкүн. Кайраттуу, күчтүү патриоттор төңкөрүш үчүн эле керек эмес. Административдик ресурска каршы бараткан адамдын өзү – тайманбас киши. Ошондуктан Бабанов үчүн үгүт иштери анын тарапташтары менен жолугушуусу, өз пикирин билдирүү – азыркы учурда бу да эрдик, тобокелдикке баруу болуп калды. Видеону кайра-кайра карасаңар, бир нерсени түшүнөсүңөр, акыркы 6 жылдан бери элге бурмалаган маалымат жеткирип, мекенине кайдыгер эмес адамдарды каралап эле келатышат.

3) Менин устатым да, кумирим да, жөн гана атам да – Канат Исаев, эгерде чындыкты бетке айтпаса, кошоматка кой сойсо, азыр жылуу-жумшак үйүндө олтурмак. Бирок ал бир гана Жараткандан коркот, бир дагы бийлик анын оозун тыя албайт.

4) Өзүңөргө суроо берип көрсөңөр: “Бактылуу үй-бүлөм бар, сый-урматка ээмин, электоратым бар, жетиштүү каражатым бар, бирок мен парламенттин трибунасына чыгып, азыркы бүтүндөй бийликти: президенттен баштап жан-жөкөрлөрүнө чейин сындай аламбы?” деп.

5) Тарыхта кыргыз качан бийликтен коркчу эле? Качан кызыл камчы кыргызды торогон ченем эле? Биз – азаттыкты туу туткан, акылман калкпыз, келгиле, провокацияларга алдырбайлы.

Ак ийилет, бирок сынбайт!” деп сөзүн бүтүргөн.

Бүгүн

Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда болору кабарланган. Аны уккан Исаевдин туугандары, тарапкерлери имараттын алдына чогулган. Бирок, баш коргоо чара ал жерде эмес, Аскер сотунун мурдагы имаратында каралды. Сот жабык эшик артында өтүп, эч ким, жадагалса журналисттер киргизилген жок.

Элдин арасында жүргөн Канат Исаевдин кызы журналисттерге мындай деди:

Мындай мамилени мен бийликтин куугунтугу деп эсептейм. Анткени, мунун баары шайлоого байланыштуу жасалууда. Кээ бир ыплас саясатчылар шайлоодо жеңишке жетүү үчүн аракет кылып жатышат. Аларга атам тоскоол болуп жатканын түшүнүп жатабыз.

Эскерте кетсек

30-сентябрда, Канат Исаев “Бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек» деген шек менен кармалган. Ага Башкы прокуратура «кылмышка даярдануу», «массалык башаламандык», «бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча иш козгогон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.