Сот Текебаев, Чотонов жана адвокаттар жок өкүм чыгарган

Сот Текебаев, Чотонов жана адвокаттар жок өкүм чыгарган

Бүгүн, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго 8 жылдан эркинен ажыраткан чечимин күчүндө калтырды.

Өкүм чыгарган сот

Тагырагы, сот Адис Момуналиев ушундай өкүмдү коллегиясы менен чогуу-чаран кабыл алганын билдирген. Анткени, алар Текебаев менен Чотоновду катыштырбай туруп, алардын адвокаттары жок өкүм чыгарышкан.

“Мыйзам бузуу жолу менен өкүм чыгарылды”

Дейт Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова. Адвокат менен менен чакан маек курдук.

—Мындай өкүмдүн өзү мыйзам бузгандык эмеспи?

—Албетте, мыйзам бузгандык, болгондо да, абдан орой, одоно мыйзам бузуу жолу менен өкүм чыгарылды. Бул жерде адам укугу бузулду. Анткени Конституцияда “адам укугу корголуш керек” деп жазылган, корголбой эле кордолду.

—Адвокат эмнеге сотко келбей калды?

—Адвокаттын кичине баласы температура болуп ооруп калыптыр. Анын чоо-жайын айтып, “бир саатка кечигип келем, күтө туруңуздар” деп суранганына карабай, мамлекеттин адвокаты менен сотту улантышкан. Негизи мыйзам боюнча, эгерде соттолуучу өзү каалаган адвокатты жалдаганга мүмкүнчүлүгү жок болгондо гана ага мамлекеттик адвокат берилет. Текебаев Өмүрбек Чиркешович Чоноева аттуу мамлекеттин адвокаттынан баш тартса да, ал айымды күч менен отургузуп, сотту уланткан.

—Жарыш сөз болду беле?

—Тилекке каршы, жарыш сөз болгон жок. Текебаев да, Чотонов да, алардын адвокаттары да жарыш сөз сүйлөгөн эмес. Бул жерде атандашуу принциби деген бузулду.

—Мындан аркы кадамыңар кандай болот? Жогорку Сотко кайрыласыңарбы?

—Алдыда көп-көп кадамдар болот, аны убагы келгенде сөзсүз айтып берем.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.