Талантбек ИСАЕВ: “Өзүм эле кызматтан кеттим”

Талантбек ИСАЕВ: “Өзүм эле кызматтан кеттим”

Бүгүн, депутат Канат Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаев мамлекеттик кызматтан кетти. Ал ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысынан кетүү арызын жазган. “Өзү кеттиби же кетириштиби?” деген суроо туулбай койбойт экен.

Бул суроого Талантбек Исаев НТСтин журналисттерине: “Мени кет деп эч ким кыйнаган жок. Мен өзүм милициянын генералы катары, “чоң кызматта турганга моралдык жактан туура эмес болот го” деп ойлоп, мындай чечимди өзүм кабыл алып, рапорт жазып бердим. Азырынча кызматтан кете элекмин. Өкмөттүн чечими чыкканда кетем”,- деп жооп берген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.