Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: «Депутаттардын каникулга кетип калганы мыйзамсыз»

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: «Депутаттардын каникулга кетип калганы мыйзамсыз»

Мындай пикирин экс-спикер бүгүнкү “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын жыйынында билдирди. Ал жыйында өтө маанилүү маселе, бүгүнкү күнү коомчулукта кызуу талкууланып жаткан көйгөйлөр каралды. Аталган кыймыл буга чейин  административдик ресурс колдонууга жол бергендерди жазалоону талап кылып, бийликке кайрылуу жолдогон.

Жыйынга белгилүү коомдук ишмерлер, БШК мүчөлөрү катышып, мамлекетте мыйзамдуулукту сактоо, шайлоо күнкү коомдук жана укуктук тартиптин сакталышы боюнча бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматы, Боршайкомдун түшүндүрмөлөрү, жарандык коомдун көз карашы угулду.

“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы Жогорку Кеңештин депутаттарынын эс алууга кеткенин айыптап, тез арада иш ордуна кайтуусун талап кылган билдирүү жасашты. Билдирүүнү аталган кыймылдын атынан экс-спикер Абдыганы Эркебаев  билдирип, “депутаттар каникулга кетип калганы мыйзамсыз” деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин күн тартибиндеги маселелердин көбү каралбай, парламентте кворум жок болгондуктан улам жылып келген. Бул маселени айрым депутаттар “минтип иштегенден көрө, иштебей эле коелу. Баарыбыз шайлоодон кийин парламентке келели” деп төрагага сунуштарын да айткан. Мындай сунуш күчүнө 28-сентябрда кирип, «кворум жок» деген жүйөө менен депутаттар эки жумага жалпы жыйындарын токтоткон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.