Канат Исаев коюлган күнөөнү четке какты

Канат Исаев коюлган күнөөнү четке какты

Депутаттын коюлган күнөөнү четке какканын жактоочусу Азизбек Турдалиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул ишке “Жашыруун” деген белги коюлуптур. Канат Исаевге бийликти басып алуу жана массалык башаламандык уюштуруу күнөөсү коюлууда. Жактоочу Канат мырза коюлган күнөөнү четке кагып, бирок акча бергенин танган эмес, аны ал президенттикке талапкерлигине койгондо, агитаторлоруна бергендигин айткан. Видеого  түшүп калган кишилер менен депутат чындап эле жолуккан, бирок кайсыл күнү экенин айткан эмес. Андагы жигиттер “Кыргызстан” партиясына иштеп жүрүшкөндүгүн белгилеген. “Ал эми телефон менен сүйлөшкөндөр жана аудио жазуулардагы үндөрдү тааныбайт, кимдер экенин билбейт, бийликти басып алуу жөнүндө эч ким менен сүйлөшкөн эмес. Видеодо көрүнгөндөй акча берип жатканы ачык эле көрүнүп турат, бирок эмнеге берип жатканы айтылган эмес. Кызыгы, кайсыл кылмыш иштин негизинде видеого тартуу, үндөрдү угуу жүргөндүгү түшүнүксүз. Ким буга санкция берген? УМККбы? Алар болбосо, ким аларга бул жазууларды алып келип берген?” деп Исаевдин жактоочусу суроо берип, эгерде бул жаздырууларга санкция берилбесе, алар сотто далил боло албастыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Канат Исаев соттун чечими боюнча 30-ноябрга чейин камакка алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.