Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Кыргыз-өзбек чек ара келишимин бийлик шайлоо бүткүчө жашырат»

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Кыргыз-өзбек чек ара келишимин бийлик шайлоо бүткүчө жашырат»

Ажо Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Бул долбоор өткөн жумада Жогорку Кеңеште бир добуштан кабыл алынган. Бул маанилүү маселе боюнча аналитик, журналист Жыргалбек Касаболотовго собол салдык.

—Кыргыз-өзбек чек арасына ажонун кол койгонун кандай кабыл алдың?

—Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди парламент жабык жыйындарда жашыруун карап, үч окууда кабыл алып ратификациялап коюп тарап кетти. Президент да унчукпай эле кол койду. Ал да келишимдин мазмуну тууралуу бир ооз айткан жок. Өлкөнүн тагдыры үчүн өтө маанилүү чечимди кабыл алууга бийликтин бирден-бир булагы болуп эсептелген эл эч кандай формада катышкан да жок, ага эч кандай таасир тийгизе алган да жок. Бардыгы тең чек ара маселесине бир тыйынча пайдасы жок эки «дөөнүн» күрөшү менен алек. Эртең чек ара чийиле баштаганда чатак чыкса, келишим иш жүзүндө Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей калса, илгерки Аксы окуяларындай кырдаал түзүлсө кимиси жооп берет?

— Мындай маанилүү маселе эмнеге элден жашырылды деп ойлойсуң?

— Жашырганына караганда, жашыргысы келген нерселер көп. Муну бийлик президенттик шайлоо бүткүчө колдон келишинче жашырат. Менимче, бизге пайдасы көбүрөөк болсо, биздин чоңдор аябай мактанышмак. КТР, ЭлТР, 5-каналдан күнү-түнү дүңкүлдөтмөк. Унчукпаганына караганда мактана турган жагдай жок сыяктуу.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.