Адил ТУРДУКУЛОВ: “Зилалиев отставкага кетиши керек!”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Зилалиев отставкага кетиши керек!”

Ушундай кыйкырык менен Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов Башкы прокуратурага кайрылган. Тагырагы, ал Башкы прокуратурага вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттик шайлоодогу үгүт иштерине мамлекеттик кызматта туруп катышкандыгы үчүн иш козгоо талабы менен кайрылган. Тилекке каршы, арыз четке кагылып, Зилалиевге иш козгоодон баш тарткан.

“Суу ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө!”

19-сентябрда, Д.Зилалиев Баткенге барып, облус, район, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрүп, аларга мындай деген: “Мен сиздерден суранарым, бизди колдоп бериңиздер, биздин кандидатты колдоп бериңиздер! Президенттин саясатын уланта турган бул — Сооронбай Шарипов! Мен агитация кылган жерим жок. Мен өзүмдүн добушумду ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. “Жок сиздики туура эмес” деп айта албайм. Демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер. Оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар мамлекеттен, бюджеттен айлык маянасын алып иштеп жатасыздар, ошол суу ичкен кудукка түкүрбөгүлө!”

Мыйзам боюнча…

«Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.