Атамбаев ардана баштадыбы?

Атамбаев ардана баштадыбы?

Президент Алмазбек Атамбаев кээ бир талапкерлердин билдирүүлөрүнө байланыштуу билдирүү жасады. Анда мындайча айтылат:

“15-октябрда Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоо болот.

Мамлекеттин азыркы башчысы катары менин милдетим — жарандар эркин өз оюн билдирүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу жана кандайдыр бир басым жасалууга жол бербөө болуп саналат.

Ошондой эле шайлоочулар жалган маалыматтардын таңуулоосунан корголууга тийиш. Президенттик шайлоонун маанилүүлүгүн эске алсак, андай маалыматтар өлкө тагдырына таасир бериши мүмкүн, коомдук пикир каалагандай калчана берсе, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу менен коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна зыян тийгизет.

Тилекке каршы, буга мисал катары бир талапкердин такталбаган маалыматка таянып, “биринчи турда эле калктын 65,5 пайызы ага добуш берет” дегенди коомчулукка таңуулап жатат. Жарандарды башаламандыкка тартуу максатынан коргоп калуу үчүн коомчулукка чыныгы маалымат жеткирүү маанилүү. Анын ичинен, Кыргызстандын алдыңкы социологиялык кызматтары 2017-жылдын март айынан октябрга чейин өткөргөн социалдык изилдөөлөрүн коомчулукка жеткирүү зарыл.

Керек болсо, Президенттин аппараты так маалыматты көрсөтөт”.

Көрсө, өткөн жумада президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун журналисттерге берген жыйыны жөнүндө сөз болуп жаткан тура. Анда Ө.Бабанов өз штабынын жана кээ бир массалык маалымат каражаттарынын социологиялык изилдөөлөрүнө таянып: “мага калктын 65.5%ы добуш бергенге даяр экен” деген эле. Бул жалган деле маалымат эмес. Соцтүйүндөрдөгү рейтингдерде дал ушундай маалыматтар бар экени да чын.

Ал эми Президент айткан алдыңкы социологиялык кызматтардын маалыматына карап көрөлү. Муну “СИАР”, “М-вектор” жана “Эл-Пикир” агенттиктери социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Суралгандарга “Эгерде жакынкы жекшембиде республиканын президенттигине шайлоо жүрсө, аталган саясатчылардын арасынан кимисине добуш берет элеңиз?” деген суроо берилген. Сурамжылоо 2017-жылдын март айынан тарта октябрга чейин жүргүзүлгөн:

Өзүңөр байкагандай алдыда, албетте, Сооронбай Жээнбеков. Бали! Бирок суралгандардын саны 1200дөн 1500 чейин эле экендиги осол көрүнөт экен. Президент ишенген кызматтар араң ушунча кишини гана сурамжылап келгендерине жол болсун. Бир эле министрликтен сурап коюшкан окшойт да.

Айбалта ЧЫНОЕВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.