Грозныйдын 199 жылдыгында 199 түгөй үйлөнөт

Грозныйдын 199 жылдыгында 199 түгөй үйлөнөт

5-октябрда Чеченстандын борбору Грозный шаарынын 199 жылдыгы болуп, башкалаанын гүл паркында 199 түгөйдүн үйлөнүү үлпөтү болот.

“Салтанат чечендердин үйлөнүү салты боюнча өтмөкчү. Ал үчүн паркка сегиз тоо чоку формасындагы 17 метрлик чоң чатыр орнотулат. Мындай конструкция дүйнөдө бирөө эле бар”, – дейт Грозный мэриясынын администрациясы. Чатырдын тургузууга адистер атайын Москвадан чакырылат экен.

Бул күнү башкалаада көптөгөн жаңы объектилер да ачылат: беш жылдыздуу мейманкана, ХIХ кылымдагы чечен сүрөтчүсү Петр Захаровдун атындагы сквер, ошондой эле “Муз майдан” курулушуна капсула салынат. Ал майрам күнү Орусиянын мен деген саясатчылары, регион башчылары, журналисттер, эстрада жылдыздары келмекчи. Азыртан эле мейманканаларда орун калбай калган экен.

Грозныйдагы көз жоосун алган гүл паркы 17-сентябрда чечен аялынын күнүндө ачылган. Жалпы аянты 45 миң квадрат метр, металл конструкцияларда 150 миң гүл өсөт, 500дөн ашык бак-дарак тигилген, ошондой эле улуттук өңүттө кооздолгон 18 метрлик мунаралары бар фонтан бар.

Чындап эле керемет экен. Рамзан Кадыровго бали! А биздин президенттер өздөрүнө хансарай салганды гана билишет…

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.