Кимбайкеден КҮЛКҮЛЯТОР

Кимбайкеден КҮЛКҮЛЯТОР

«Арс!» эткендин баары тамаша

Өлкөдө эмне көп? Партия көп! Партия дегениң иттин кара капталындай азыр. Андыктан, мен итмин дегендин баары кечээ чогулуп, жыйналыш өткөрүштү. Жыйналышты Балтек баатыр жетектеп, жети атасын толук билгендерди мындай бөлүп алып тапшырма койду: «Өзүбүздүн партияны түзөбүз. Бөлөк-бөтөндү кошпойбуз. Жанагы чет өлкөдөн келген Оппанавротвейлер деген тукумдан тараган олигархтарды жакын жолотпойбуз. Жыттанып келип калса, поктаяк менен кубалагыла! Аларың илибой күнү бизди чака тыйынга сатып кете беришет. Эми партиянын жайын сурасаңар, атын «Ак сөөк» коелу деп чечтик. Иши-тышыбыз ак болсун, чайнаганыбыз сөөк болсун деген аруу тилек менен ырымдам койдук. Кошуна чөлкөмдөгү Бар-босс деген жеркуруткур да партия түзүптүр дейт. «Итаяк» деген партия имиш. Байкагыла, таягы апасныйкен! Мүчөлөрү күндөн-күнгө көбөйүп баратат дейт. Мойнундагы кайыш каргысын, алтын жалатылган чынжырын, калай табагын, ар кандай арам жолдор менен алган орден, медалдарын аукционго коюп, жаңы офис алышыптыр. Тимеле кычырайт имиш. Урааны: «Ит жатыш, мырза туруш!» экен. Арааны: «Карысак да бир койлук аппетит бар!» дейт. Деги укмуш! Ошондуктан, биздин ураан кандай болот, ошону ойлонолу. Кана, кимде кандай сунуш бар, айта бергиле» деп сөзүн бүтөлекте, ары жактан бирөөсү күрс этти:

— «Эти меники, сөөгү сеники» десекчи?

— Жакшы сунуш экен, дагы кимде кандай акыл бар, айткыла уялбай?

— «Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт».

— Дагы, дагы?..

— «Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт».

— Бул да жаман эмес, дагы…

— «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт».

— Эротика жыттанып кетти го?..

— «Карышкыр көргөн иттин аягы кургабайт».

— Бул ким, эй?! Арабызда тыңчылар, бузукулар жүрөт окшойт!

— Сутенөргө өлүм! Эшик, терезелерди жапкыла! Кармагыла!! Тынчыткыла!!!

Ошо менен баары дүрбөп калышты. Аңгыча жарык жалп өчүп, жыйынзалдын ичи аркырак менен ыркыракка толуп кетти. Бири-бирине тиш салып, жик салып, бул жолку партжыйындын пачагы ушинтип чыгып кетти. Ошо бойдон урааны табылбай, уяты жабылбай, иттер ого бетер өз ара бөлүнүп, майдаланды.

Ал арада мышыктар да жөн жатпай, «Мыяу-барс» деген партия түзө салышты. Төрагасы Таргыл болду. Муну укканда оппозицияда жүргөн Шокшолой багатыр элди чогултуп, пикетке чыгам деп чамынды. Ар бириңе бекер сарымай, үй ээсинен жайлуу орун, жыпжылуу эт жыттанган чычкандын ийнинен бирден бөлдүрөм деп чогулгандарга кесме илип, убаданы калың берди. Ошо менен мышыктар сапка тизилип, пикетке жөнөп калышты. Кара басып, пикет аянтына жуп жетерде иттердин тополоңуна туш болушту. Жыйындан жыдып келаткан немелер пикетчилерди жүн тыткандай кылып кууп таратышты. Ал эми агүйдүн жертөлөсүндө жеңкетай тойчук берип аткан келемиштер иттер менен мышыктар баягысын дагы баштаптыр деп күбүрөшүп-шыбырашып, кылак-кылак кыбырашып, келерки шайлоого шашыла даярдык көрүп жатышты. Күнү-түнү «мышыкка комедия, чычканга трагедия» деген сериалды «крутит» этишип, түнкү исменде иштеген букаралардын духун көтөрүп атышты. Келемиштердин кеменгерлери кемирүүчүлөр классынын идеологиясын кайдан-жайдан болбосун казып чыгуу, жазып чыгуу, сууруп чыгуу, жууруп чыгуу үчүн шымаланып киришти. Эмесе, кимиси май тиштейт, кимиси жан тиштейт, мунун баары жазмыштан дейт го, ошентсе да…

Милисалар өздөрү уят болду…

Укук сакчылар Бишкектин түнкү клубдарынын биринен тартип бузууга катыштыгы бар топтошкон сойкуну колго түшүрдү. Дакмөнттөрүн териштиргенде, баары тең депутаттык мандатын көрсөтүп, бул бейбаштар саясий сойкулар тобуна кирери аныкталды жана аларды кое берүүгө туура келди.

Жалгыз бут көрсөң качпай жүр

— Жалгыз кара бут деген эмне?

— Билбейм.

— Ал деген чолок негр, билип жүр. А эки кара бут дегенчи?

— Чолок эмес негр го.

— Туура эмес, ал деген эки чолок негр. Ал эми үч кара бутчу?

— Үч чолок негр да.

— Дагы туура эмес, ал деген рояль!

Кесмечи депутаттан кетменчи дыйкан өйдө

Атамбайыптан сурашат:

— Кыргызстан өзү агрардык өлкө болуп эсептелет эмеспи. Анда эмнеге парламентте бир да дыйкан-фермер жок?

Атамбайып аларга минтип жооп берди:

— Дыйкандар талаада иштесин, аларды парламенттин түккө арзыбаган түйшүгү менен алаксытып эмне кереги бар?

Таап кеттиң, маладес!..

Күйөөсү акылдуу болсо, аракка деген акчаны оңой жерге катат. Натыйжада, эрди-катын ортосундагы ишеним артат, аялынын кыраакы экендиги жөнүндөгү ою бекемделет жана башка жерге катылган негизги акчанын коопсуздугу жогорулайт.

Сүйдүң беле?..

Студенттик сүйүү деген болот: жете турган жүрөк бар, жата турган орун жок…

Коколой сүйүү деген болот: жата турган орун бар, жете турган жүрөк жок…

Бактысыз сүйүү деген болот: жата турган орун да бар, жете турган жүрөк да бар, бирок жеке куралы бузук…

Философиялык сүйүү деген болот: баары тең бар, бирок алардын эмне кереги бар?..

Эски тост эстен кетпейт

Тренер болуп иштеген атасы төрт жашар баласын ээрчитип спорт-залга келет. Кабинеттин ич жагынан: «Кана эмесе, көтөрүп койгула!..» деген үндөр угулат. Баласы: «Ата, тиги жакта штанга көтөрүп атышабы?» деп сураса, атасы жооп берет: «Ал жакта тост көтөрүп атышат…»

Келгиле анда, ишибиз оор болгондо, тосубуз жеңил болсун, тезирээк кулкулдатып

жибергиле!

Балжа-булжадан көрө олжо-булжа…

Токсонунчу жылдардагы кримбайкелер азыр саясатка кирип кетишти. Себеби, саясат дегениң сабап-тоноого караганда алда канча олжолуу оокат болот турбайбы!

Саат канча болду?..

Эртең менен төшөктө: саатты карасаң 5.30 деп турат. Беш мүнөт көзүңдү жуумп кайра ачсаң саат 8.30 деп турат.

Сабакта: саатты карасаң 9.30 деп турат. Беш мүнөт көзүңдү жуумп кайра ачсаң саат дагеле 9.30 деп турат…

КИМБАЙКЕ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.