Нышановдун ордуна Зарылбек Рысалиев депутат болуп келди

Нышановдун ордуна Зарылбек Рысалиев депутат болуп келди

Бүгүн, 4-октябрда, «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Нургазы Нышановдун («Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалганы айтылууда) ордуна мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев депутат болуп келди. Мындай чечим Боршайкомдун жыйынында кабыл алынып, Рысалиевге депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды.

Кызыктай жагдай түзүлдү. Себеби, Зарылбек Рысалиев учурда СДПК көрсөткөн президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, Өмүрбек Бабановду сындап жүрөт. “Аталган фракциянын жетекчиси, мүчөлөрү жаңы депутатты кабыл алабы же жокпу?” деген суроо туулбай койбойт. Бул маселе парламентте сөзсүз көтөрүлөт болуш керек. Кызыктар али алдыда…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.