Сапар Исаков таң атпай аэропортко эмнеге барды?

Сапар Исаков таң атпай аэропортко эмнеге барды?

Премьер-министр таң атпай, күтүүсүздөн “Манас” аэропортуна барды. Ал жакка барганын сүрөттөрү менен өзү “Твиттерге” жайгаштырды. Ал эми Өкмөттүн сайтында бул кабар жок. Алар уктап жатканда барып, алар жазганга жетишпей калса керек.

“Манаска” капысынан кирип барган Сапар Исаков ал жерде иштеп жаткандарга: “Силерге элден арыз көп түшөт. Бул жердеги көйгөйдү массалык маалыматтар дагы көп эле көтөрүп чыгышты. Ошон үчүн текшерип келдим” деп аэропорттогу кызматкерлерди чочуткан. Кыскасы, жакшы иштегиле, эң башкысы англис тилин билишиңер керек, үйрөнгүлө. Анткени бул эл аралык аэропорт”,- деп премьерлик «насаатын» айтып алган экен.

Баса, жакында эле төртүнчү кыздуу болгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.