Адабият боюнча Нобель сыйлыгын ким алды, ыя?

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын ким алды, ыя?

Жыл сайын берилүүчү бул чоң сыйлыкты тапшыруу аземи Шведдик королдук илимдер академиясы жайгашкан Стокгольм шаарында болуп өттү. 2017-жылы адабият боюча Нобель сыйлыгына жапон улутундагы британиялык жазуучу Кадзуро Исигурого ыйгарылды. “Анын романдары укмуштуудай эмоционалдык күчкө ээ, окурмандын закымдаган сезимдерин бул аалам менен байланыштырып коет” дешти бир ооздон.

Кадзуро Исигуро 1954 жылы Нагасаки шаарында жарык дүйнөгө келген. Беш жашка чыкканда ата-энеси Улуу Британияга көчүп келип, ошол бойдон Англиянын кулуну болуп калган. Анын “Түтүн булактаган дөбөдө” (1982-ж.) деген биринчи романы  менен эле окурман оозуна алынган. “Эшилген дүйнөнүн сүрөтчүсү” (1986-ж.) деген экинчи романы согуштан кийинки Нагасакиге арналат. 1989-жылы жарык көргөн “Күндүн калдыгы” романы жазуучунун атын баарынан катуу чыгарат. Анда англиялык лордго кызмат өтөгөн үй кызматкеринин эскерүүлөрү келтирилген. Кийин Исигуро өз романдарына фантастиканын элементтерин кошо баштаган. 2005-жылы “Мени кетирбе” романы, 2009-жылы “Ноктюрн: музыка жана күүгүм жөнүндө беш окуя” деген китептери жарык көрөт. Ал эми эң ири эмгеги 2015-жылы жарык көргөн “Көмүлгөн дөө” романы. Бул китептеринин баары орусчага которулган.

Былтыр Нобель сыйлыгын белоруссиялык жазуучу айым Светлана Алексиевичке ыйгарылган эле.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Адабият боюнча Нобель сыйлыгын ким алды, ыя?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.