Аксылыктар — кайналы, таластыктар — алкор дешет…

Аксылыктар — кайналы, таластыктар — алкор дешет…

Абдрасул Ташбаев, Аксы районунун Мукур айылынын тургуну. “Кайналы — Баткен өрүгүндөй эле Аксы чөлкөмүнүн бренди” деген аталышта ширелүү, кирешелүү жемиш жөнүндө “Алиби” гезитине маек куруп берген.

Кайналы – бул кара өрүктүн өлкөбүздүн кээ бир аймактарындагы аталышы. Кайналыны Аксыдагы дээрлик ар бир үй-бүлөнүн киреше булагы десек болот. Анткени анын мөмөсүн бышары менен терип да, кургатып как кылып да сатышат. Кайналыны кургатуу оңбогондой оор, түйшүктүү иш. Канча жылдардан бери өзүн-өзү багып келаткан эл кайналы бизнесин эчак жолго коюп алган. Ушул тапта Аксы району боюнча жемишти кургатуучу 70тен ашуун чакан цех иштейт.

Азыр аталган аймакта кайналы терип-сатуу иши кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу айыл тургуну Абдрасул Ташбаев төмөнкүлөрдү кошумчалады:

-Быйыл кайналынын килограммын 20 сомдон саттык. Бардык мөмөлүү дарактардай эле кайналы дагы бир жылы түшүмдүү болсо, экинчи жылы азыраак болот. Кээде шагы ийиле мөмө байлаган жылдары катуу шамал же мөндүр сабап кетет. Кээде эми гүл ачып мөмө байлай элегинде кар жаап коюп үшүк урат. Аз болгон жылдары кымбаттап, көп болсо арзандап кетет. Ошентседа кайналыдан эл бир топ кем-карчысын бүтүрүп алат. Бир огороддо кеминде 50 түп, көбүндө 100 түп кайналы бар. Бир түбү 50 килограммга чейин түшүм берет. Ошондо жүз түп кайналыдан 500 килограмдан 1 тоннага чейин түшүм алышат. Кайналы бышкандан кийин 3 жолу сатылат. Алгач мөмөнү терип сатышат, бир килограммы 20-25 сом болот. Экинчи этабында тергенден кийинкисин, дарактын башында кол жетпей калганын күүп сатышат. Анын бир килограммы 12-18 сом болот. Андан артканын кургатып, как кылып сатышат. Кээ бир колу көп үй-бүлө күүмөйгө бербестен кургатат.  Кайналы кактын килограммы былтыр 45-50 сомболду (мурдагы бир жылдары 180 сомго чейин чыккан). Бул мөмөнү кургатуунун да 2 ыкмасы бар:  табигый шартта күнгө жайып жана атайын жабдууга (сушкага) салып кургатышат. Кайналы какты бизден сатып алышып, андан ары Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө өткөрүшөт.

Ошондой эле Таласта…

Былтыртан баштап Таласта дагы кайналы (таластыктар алкор дешет) багын көбөйтүү колго алынып, атүгүл аны экспорттоого да аракеттер көрүлүүдө.Бирок облуста экспортко кетчү кара өрүк аз, ал эми кургатып саткандар бирин-серин гана. Анткени Таласта күз келери менен күнсууп кеткендиктенжемишти табигыйшартта кургатуу кыйын. Андыктан цех ачып, атайын жабдык менен кургатуу керек. Эгерде мындай цехтерди куруп, кайналы какты экспорттоо жолго коюлса, анда карапайым калктын, дыйкандардын мээнети кайтып кирешеси көбөймөк жана Кыргызстандын агрардык тармагын өнүктүрүүгө да салым кошулмак.

Кайналынын пайдасы

Ичеги-карынды жакшы иштетет. Ич катканда кайналынын кагы дароо натыйжа берет. Кургатылган бул жемиштин курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка тамак сиңирүү органдарына абдан пайдалуу. Ичегини оору жуктургуч бактериялардан коргоп, организмден токсиндерди, шлактарды жана башка зыяндуу заттарды айдап чыгат.

Аз кандуулукка табылгыс азык. Курамындагы витаминдер жана темир авитаминоз, темирдин жетишсиздиги, аз кандуулук менен күрөшөт.

Курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү калий жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүн жакшыртып суу, туздун балансын жөнгө салат. Окумуштуулар анын заара чыгаруучу натыйжасы бар экенин, үзгүлтүксүз колдонуу шишиктен арылтарын жана артериалдык кан басымын төмөндөтөрүн далилдешкен.

Акыркы изилдөөлөргө таянсак, кургатылган кара өрүк бөйрөк менен боордогу токсиндерди айдап чыгат. Курамындагы калий табарсыктагы таштарды талкалоого жардам берип, өт менен табарсыктын иштешин жөнгө салат.

Бактерияга каршы аракети бар. Ооз көңдөйүнө, тиш бүйлөлөрүнө суук тийгенде жана тишке курт түшкөндө бактериялардын жана оору жуктургуч микроорганизмдердин көбөйүшүн токтотот.

Курамындагы кальций остеопороз(сөөктөрдүн морттугу) илдетинин алдын алат.

Рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоол болот. Антиоксидант (С витамини) рак шишигинин өсүүсүн токтотуп, иммунитетти чыңдап, эрте картаюудан сактайт.

В витаминдеринин тобу организмди сергитет, күч-кубат берет, маанайды көтөрүп, эс тутумду жакшыртат.

Курамындагы бета-каротин көз ооруларынын алдын алып, көрүүнү жакшыртат.

Организмден токсиндерди, шлактарды айдап чыгып, териге, тырмак, чачка пайдалуу.

Агросөздүк

Кара өрүк же кайналы — роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал. Мөмөсү бир данектүү. Апрель-май айларында гүлдөп, август, сентябрда бышат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында кайналынын 7 түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9-22 %  кант, 0,14- 1,43 % органикалык кислота, азот кислотасы, А, С, К жана В тобундагы витаминдер, минералдар жана микроэлементтер бар. Мөмөсү ширелүү, жешимдүү келип, кыям, шире, повидло жана башка азыктар даярдалат. Кыргызстанда кара өрүк негизинен Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарында кыйыштырылган таттуу кайналы, Ренклод Альтана, Кыргыз сонуну, Анна шпетт жана башка сорттору өстүрүлөт. Гектарынан орточо 300 центнерден түшүм алынат. Суукка чыдамдуу келет. Зыянкечтери: өрүкчү күбө, өрүк курту, калкан сымал жалбыракчылар жана башка. Илдеттери: мөмө чириги, церкоспороз, клястероспориоз, дат жана башка.

Маектешкен Нурзада ТАШБАЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.