Даватты колдойсузбу?

Даватты колдойсузбу?

КТРде өтүп жаткан президенттикке талапкерлердин дебатында “Интернет суроо” бар экен: “даватты колдойсузбу?” деген. Буга талапкерлер мындай деп жооп берди.

Улукбек Кочкоров:

-Даватты колдойм. Динди мектепке киргизиш керек: динди таануу үчүн жана ар кандай агымдарга азгырылбаш үчүн.

Арсланбек Малиев:

-Бул маселе орчундуу. Даватка кеткен үчүн канча деген үй-бүлө үйдүн ээси жок калууда. Муну мыйзам чегинде караш керек.

Таалатбек Масадыков:

—Дават деген эмне? Суроо. Хадистерди окусаңар. Дават деген эшиктерди каккылап, ар кайсы айылга барыш керек эмес. Даваттын түпкү маанисин түшүнүү керек. Түпкү маанисин түшүнгөндүктөн, колдойм.

Темир Сариев:

—Бул маселе акыркы күндөрү орчундуу болуп кетти. Муфтий муну мыйзам чегинде көзөмөлгө алуу керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.