Эртең китеп көргөзмөсү болот

Эртең китеп көргөзмөсү болот

Эртең, 6-октябрда, саат 15:00дө Кыргыз Улуттук илимдер академиясында китептердин көргөзмөсү өтөт. “Манас”, “Эл адабияты”, “Залкар акындар”, “Айтыш”, “Окурмандардын китеп текчелерине”, “Кыргыз адабиятынын тарыхы”, “Классикалык изилдөөлөр” жана “Энциклопедиялар” сериялары боюнча жарык көрдү.

“Манас” сериясынан: Сагымбай Орозбаковдун (9 томдугу), Саякбай Каралаевдин (6 томдук), Тоголок Молдонун (3 томдук), Багыш Сазановдун (3 томдук) варианттары, «Манас» энциклопедиясы” (2 томдук), “Манас” сөздүгү жана башкалар басылып чыккан.

«Эл адабияты» сериясынан: “Кожожаш”, “Эр Төштүк», “Эр Табылды”, “Жаныш”, “Байыш”, “Курманбек” сыяктуу кенже эпостор, элдик поэмалар, Кыргыз эл кошоктору, тарыхый ырлар, санат, насаат ырлары, каада-салт, ырым-жырым, жаңылмачтар, калптар, учкул сөздөр, тамсилдер, мыскылдар, элдик оюндар, дин ырлары, күү ырлары, сүйүү ырлары, балдар фольклору, кереметтүү жомоктор жана турмуштук жомоктордун томдуктары кирген.

«Залкар акындар» сериясында — Кетбука, Асан кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калык, Осмонкул, Балык, Солтобай, Жаныш, Байыш, Нурмолдо, Боогачы, Токтосун, Эстебес, Ашыраалы ж.б. бар.

«Айтыш» сериясында — аталган өнөрдүн томдуктары, «Окурмандын китеп текчесине» сериясынан М.Элебаев, К.Баялинов, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, Т.Абдымомунов, Ч.Айтматов, Т.Адышева, Ж.Мавлянов, З.Сооронбаеванын ж.б. (30 том) китептери жарык көргөн.

«Кыргыз адабиятынын тарыхы» сериясынан: “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (10 томдук),“Азыркы кыргыз адабияты” жана «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын 10 томдугу камтылган.

Мындан сырткары Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан буга чейин “Токтогул энциклопедиясы”, “Алыкул Осмонов энциклопедиясы” “Сагымбай Орозбаков энциклопедиясы”, “Саякбай Каралаев энциклопедиясы” жана “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу басылып чыккан эле.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.