Фотокөз

Фотокөз

Өмүрбек Бабанов апасы менен болгон жылуу көз ирмем…

Бурул Калчабаева бул сүрөттү Фейсбукка жайгаштырып, эне-бала жөнүндө жылуу сөз жазган: «Өмүрдүн эң бир сонун учуру тартылып калыптыр. «Коломтодо от жайнап, казан толо эт кайнап» дегендей. Эненин маңдайында баласы, баланын маңдайында апасы. Айылдын ушул бир жөнөкөй короосунда ырыс-кешик, мээрим төгүлүп турат.
Эх, десеңчи… Эгер арбак бар болсо (бар, мен буга ишенем), анда апасы ушул күндөрү ар түрдүү заар сөзгө тушуккан уулун коргоп, эбелек куштай эгилип, королу чымчыктай коруп: «Балам, көтөрүмдүү бол, сен жигиттин жигити көтөрө турган түйшүктүү жолду тандап алдың. Кечиримдүү бол, жакшыдан түңүлбө, жаманга теңелбе, Кудай өзү теңдеп коет. Алган багытыңдан кайтпа. Ак жолуң ачылсын» деп турган чыгар… Жашасын ЭНЕЛЕР!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.