Малиев Сариевге аябай тийишип жатат…

Малиев Сариевге аябай тийишип жатат…

КТРде президентикке талапкерлердин кезектеги дебаты болууда. Бүгүнкү дебатка келген 5 талапкерлердин ичинен Темир Сариев менен Арсланбек Малиев кайым айтышууда. Башталганда эле экөө кер-мур айтыша кетти.

Малиев Сариевге суроо бергенде, ал жооп берүүгө келгенде: “Арсланбек Малиевич” деп айтып алды. Кечээ Сооронбай Жээнбеков да Бабановго жооп кылам деп “Өмүрбек Чиркешович” деп айтып албады беле…

Малиевге убакыт берилген сайын, улам эле Темир Сариевге тийишип кетүүдө. “Темир Аргембаевич ар дайым бийликте жүрөт. Өлкөнү оңдоо үчүн ким анын колун кармады. Ошого карабай умтулуп жатат”,-деди. Сариев: “Арсланбек мырза, сиз аябай даярданып келипсиз, дагы даярданып келсеңиз болмок. Мага бааны эл берет”,-деди.

Малиев: «Темир Аргембаевичке Эл Баатырлыгын» берсин десе, «сиз президентке кат жазыңыз, мен колдоп берем»,-деди Сариев. Албетте, бул эми какшык. Малиев түз кабыл алып алды окшойт: «Эл Баатыры болууга макул болууда. Кантип уялбай айтып жатат. Анан ушундай адам президент болом деп жатат»,-деди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.