Сооронбай Жээнбеков сайттан 5 миллион сом утуп алды

Сооронбай Жээнбеков сайттан 5 миллион сом утуп алды

Президент Атамбаев Путин менен жолугушканы Сочиге барганда журналист Кабай Карабеков “Сочиге сапар. Мураскери кандай мыкты экенин дагы бир жолу Кремлге түшүндүрүшөт” деген макаласын “24 kg” маалымат агенттиги басып чыгарган. Ал жерде Жээнбековдордун үй-бүлөсү жөнүндө да айтылган. Көп узабай президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков аталган маалымат сайты менен Кабай Карабековду сотко берген.

Ал арыз боюнча сот иши 3-октябрда каралып, жарыткан сот жыйыны болбой, жоопкер тараптын юристтерине доо арыз менен таанышып чыгууга убакыт берип туруп, сот Галина Шин эки сааттын ичинде эле сот чечимин чыгарып, сайтка 5 миллион сом айып тагып салды. Ал эми аталган макала С.Жээнбековдун өкүлүнүн талабы боюнча дароо сайттан алынып салынган.

Президент болбой жатып Сооронбай Жээнбеков ММКларды доого жыга баштаганы — Атамбаевдин жолун “абдан жакшы” улантарын далилдеп койду окшойт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.