Боршайкомдо баары жакшы, «жаман» тизме кайдан чыгат?

Боршайкомдо баары жакшы, «жаман» тизме кайдан чыгат?

Бүгүн, 6-октябрда, Боршайком Мамкаттоо менен биргеликте шайлоону өткөрүү боюнча Мамлекеттик шайлоо системасын колдонуунун бетачарын өткөрүштү. Ага жарандык коом менен илимий-эксперттик кеңештин өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар жана ММКлар катышты.

“Шайлоого коңшуңду ала бар” акциясы…

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК материалдык-техникалык жактан толук даяр болгондугун, анын ичинен: шайлоо тилкелери ачылганын, анын баары керектүү жабдуулар менен камсыздалганын, комиссиялар түзүлгөнүн, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштер жүргүзүлгөнүн кабарлады. Ошондой эле быйыл азиздер үчүн трафареттер, ал эми көзү анчейин көрбөгөндөр үчүн атайын лупалар даярдалган. Андан тышкары “Шайлоого коңшуңду ала бар” деген акция да киргизилген. Бул программада кишилер өз алдынча шайлоо тилкесине жете албаган коңшуларына жардам берүүсү айтылат. Мындан тышкары аскер адамдары, курсанттар жана Убактылуу кармоо изолятору менен СИЗОдогу жарандар арасында маалымат кампаниясын өткөрүү каралгандыгын кошумчалады Н.Шайлдабекова.

Дастандын “дастаны”

Мамкаттоонун башчысы Дастан Догоев шайлоочулардын тизмеси толук даяр болгондугун айтты. 4-октябрда толук тизме БШКга берилген. Ага 3 млн 25 миң 768 шайлоочу катталган. Азыркы тапта тизмелер шайлоо тилкелерине жөнөтүлгөн. Добуш берүүгө бир нече күн калганда тизмелер шайлоочулар таанышуу үчүн бардык тилкелерде илинмекчи.

Бармак басасың, көз кызбайсың…

Шайлоочу Мамкаттоонун операторуна келип, паспортун берет. Аппарат ID-картаны окуйт да, компьютерге анын фотосүрөтү чыгып, шайлоочу тизмеде бар экенин тастыктайт. Экинчи этапта – биометрикалык маалымат боюнча идентификация жүрөт. Мында манжанын изи боюнча такталат. Андан кийин шайлоочуга атайын чек берилет. Аны алып, комиссия мүчөлөрүнө барып, бюллетенди алат.

Добуш бергенден кийин…

Добуш бергенден кийин автоматтык түрдө чек басылып чыгат. Бул чек АЭЖ аркылуу добуш саноонун жыйынтыгын көрсөтөт. Андан кийин АЭЖ автоматтык түрдө Борбордук серверге жөнөтөт да, ал маалыматтар дароо БШКнын сайтында пайда болот. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерди кол менен санап чыккандан кийин, тилкенин протоколу толтурулат, ал маалыматтар АЭЖге тартылып алынып, бул графикалык сүрөттөр дагы Бобордук серверге жөнөтүлмөкчү. Башкача айтканда, муну менен жарандар маалыматтарды тез алып, талапкерлердин өкүлдөрү менен байкоочулардын колундагы өз эсептери менен борбордук сервердеги маалыматтарды салыштырганга мүмкүнчүлүк алышат.

Ким көзөмөлдөйт?

Маалыматтык шайлоо системасы 2015-жылы иштелип чыгып, 2016-жылдагы референдум менен быйыл май айындагы жергиликтүү шайлоодо текшерилген.  15-октябрда президенттик шайлоого 600дөн миңге чейин эл аралык байкоочулар катышары күтүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аккредитациядан 500 эл аралык байкоочу өткөн. Мындан тышкары добуш берүү күнү жана жыйынтыктоо учурунда коомдук мониторинг өткөрүүчү эксперттик комиссия түзүлгөн. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болуп өтөт.

Өлкөбүздүн ички миграциясы ушунча күчпү?

Ошондой эле, бүгүн 3 миллиондон ашуун шайлоо бюллетени даярдалып, аймактарга жиберилгенин БШК төрайымы Н.Шайдлдабекова айтса, Мамкаттоонун башчысы Д.Догоев 16-августтан 29-сентябрга чейин №2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө 316064, ал эми №3 форма менен добуш берүүгө 28397 шайлоочудан арыз түшкөнүн маалымдады. Мындай маалыматка адистер карама-каршы пикир айтып келет. БШКнын мурунку төрагасы А.Сариев жана адистердин айтуусунда, № 2 үлгүдөгү форма менен добуш берүүгө мынча арыз түшкөнү көптүк кылат.

Адылбек ТУРАТБЕК уулу: “Оштогу бир мектепте болуп чыктым”

деп Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылынын тургуну Адылбек Туратбек уулу НТС телеканалына билдирген. Ал өзү жашаган жердеги шайлоодогу участкалык тизмеден таппай калган. “Мен шайлоого карата, 20-сентябрда тизмемди текшерсем, Көк-Жарда эле болчумун. Анан эле бүгүн участкадан текшертсем, “Туңгуч” кичирайонго которулуп калыпмын. “Кандайча?” деп ал жерде отурган адам менен уруша кеттим. Ал “тактайбыз” деп койду. Аны күтпөй эле, кайрадан интернетке кирип, шайлоодогу тизмемди текшерсем, тээ Оштогу Кырк Жылдык деген бир мектепте болуп чыктым. Көрсө, ал жакка № 2 үлгүдөгү форма менен барып калыпмын. Менин атымдан башка эле бирөө арыз жазыптыр”,-деп аябай таңгалып, бизди да таңгалдырды. Коомдук активисттер мындай фактылар өтө көп болуп жатканын айтышууда. Кыскасы, бийлик болгон айласын салып жатканы көз көрүнөө.

Феликс КУЛОВ: “Кошумча ачылган тилкелер шек жаратат”

Мурдагы ЖК депутаты Феликс Кулов № 2 үлгүдөгү форма менен добуш берүү боюнча мындай деди: “Албетте, шайлоо алдында ачылган кошумча тилкелер шек жаратпай койбойт. Өткөн шайлоону эле мисалга алсак, кошумча участкалардан бир гана партия алган. № 2 форма менен добуш бергендер кезекке туруп, бир талапкерге эле добуш беришет. Алар: студенттер, аскер адамдары”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.