Бурулкан КАРАГУЛОВА: “Клара келсе эле ИИМге барабыз”

Бурулкан КАРАГУЛОВА: “Клара келсе эле ИИМге барабыз”

“Ютубга” милицияга кайрылган ырчы Клара Алибекованын видеосу коюлуп, ал социалдык түйүндөрдө талкууга алынды. Бул видеодо ырчы кимдир-бирөөнүн колунан зордукталып кала жаздап, качып чыгып, милицияны көрүп калып, аларга жардам сурап кайрылган. Алапайын таппай, жүрөгү түшүп калган кызга милициялар орой мамиле кылышкан. “Крышаң кетип калган жок беле?” деп сурап, видеого тартышканы аз келгенсип, аны өздөрү “Ютубга” коюшкан. Коомчулук милицияга кыжырданып, бул маселени көтөрүп чыгышты. Атактуу акын эжебиз Бурулкан Карагулова муну колго алып, аягына чейин чыга турган болду. Бурул эженин эркектей мүнөзү бар, бир нерсе баштаса, анын аягына чыгат. Акын эжебизге чалып, азыноолак маектештик.

-Эже, бул окуя качан болгон?

-Бул 27-сентябрь күнү кечинде болгон. Клара Некрасовдо, үйүнө жакын жердеги тойго барган. Тойдон чыгып, такси чакырып, күтүп туруп калганда, капысынан бейтааныш бирөө артынан келип, колун кайрып, караңгы жерге сүйрөп барып, муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган. Клара аны менен алышып, андан эптеп суурулуп чыгып, качып, чуркап баратып милицияларды көрүп калып, аларга кайрылган. Андан аркысын видеодон көрдүңөр.

Андан аркысы боюнча Клара эмне деди?

—Видеодо “мага жардам керек” деген боюнча бүтүп калып жатпайбы. Милиция убагы менен кол салган адамды издөөгө алып, Кларага жардам берип, үйүнө жеткирип койгондун ордуна“түш” деп орой мамиле кылып, машинасынан түшүрүп салып жатпайбы. Анан Клара алактап, коркуп, жолдо келаткан таксини тоскон. Ал адам кыздын калчылдап, бир нерседен коркконун билип, жакшы мамиле менен үйүнө жеткирип койгон.

—Эмнеге өзү же туугандары ошол замат ИИМге кайрылган эмес?

— Өзү го шок абалда болду. Тууган, досторуна айтса, алар жакшы түшүнгөн эмеспи же жаштык кылыштыбы, айтор, “башың аман калыптыр” деп элес деле алышкан эмес.

—Азыр Кларанын абалы кандай, кайда?

—Ал азыр Ысык-Көлдө. Эки-үч күн мурда ошол жакка туугандары тойго алып кетишкен. Жолдо келатышат. Келээри менен экөөбүз ИИМге барабыз. Денсоолугу начарлап калганын ошол Көлдөгү тойдон туугандары байкашыптыр. Анын үстүнө жанагы видеого тартып алган милициялар бир канча күн өткөрүп туруп, тартып алгандарын “Ютубга” коюп жатышпайбы. Буларды мен Ленин районго эле карайт го деп ойлоп жатам. Анткени окуя болгон жер ошол районго карайт. Клара милициялардын видеого тартып жатканын билген эмес. Аны алар таратат деп да ойлогон эмес. Туугандары ошол видеону көрүп, Кларанын денсоолугуна зыян кеткенин эми билип жатышпайбы.

—Клараны мас экен деп да чыгышты го…

—Эми ар ким өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алгандар да жок эмес. Аны караган адамга көрүнүп эле жатпайбы, Клара калтырап, шок болуп калганы… Мен билгенден Клара ичпейт. Аны “дүкөндөн чыгыптыр” деп да жазып чыгышты. Ал туура эмес, Клара менен чала сүйлөшкөндөр да, жолдон үзүл-кесил болуп, угулбай калса керек. Тойго ырдаганы эле барган экен.

—Клара сизге тууганбы?

—Аны менен жакындан тааныштыгым жок. “Колго алдыңыз, ушуну аягына чыгып бериңиз” деп мага коомчулук анын телефонун беришти. ИИМге арызымды жазып алып, Клараны күтүп жатам. Таңкы 6дан бери милицияларга чалып жатам. ИИМ бул маселени билет. “Кларанын иши боюнча ыкчам, иликтөө иштери башталган жок” деген туура эмес. Министр өзү жок болсо да, анын орун басарлары колго алып, иликтөө иши башталды. Алар катуу иштеп жатат. Республика боюнча кабар кетти. Видеого тартып, Кларага орой мамиле кылган милициялардын үнүн таануу иштери жүрүп жатат. Бир аз чыдай тургула. ИИМдин кызматкери Бакыт Сейитов менен тынымсыз байланышып жатам, ал дагы эл менен байланышта болууда.

ИИМ эмне дейт?

Бул чуулгандуу маселе боюнча ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов  атайын иш- чаралар жүрүп жатканын, бардык маселе такталып, жообу болорун билдирди.

Назира СААЛИЕВА

Мурдагы маалымат видеосу менен

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.