Кыргыздын «Кентавры» «Оскар» сыйлыгын багынтабы?

Кыргыздын «Кентавры» «Оскар» сыйлыгын багынтабы?

Режиссерубуз Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг баракчасына кирди, ал тизме сыйлыктын расмий сайтында пайда болду.

“Оскардын” “Чет тилиндени мыкты фильм” деген наамга катышууга 92 өлкө берген. Биздин тасмадан тышкары орустардан Андрей Звягинцевдин “Сүйүү эмес”, Камбоджадан Анжелина Джолинин “Алгач менин атамды өлтүрүштү” тасмалары бар. Эми академия лонг баракчасынан шорт баракча түзүп чыгат, ал эми 2018-жылдын 23-январында “Оскарга” татыктуу тасмалар аталат. Бул “Оскардын” юбилейлик 90-салтанаты, сыйлык тапшыруу аземи 4-мартта өтмөкчү.

Таасын ТАСМАЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.