Түндө сарай менен малдар өрттөнүп кетти

Түндө сарай менен малдар өрттөнүп кетти

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымына таянсак, түндө (6-октябрда, саат 04:04дө) Ысык-Көл облусдагы Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Кыштообай көчөсүндөгү номери жок дарегинде эки кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен сарай, 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 баш кой, 2 баш уй күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө №36 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм барып, саат 08:40да толугу менен өчүргөн. Учурда өрттүн чыгышынын себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Дагы кошумча маалымат берилет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.