15 жылдан кийин Сергей Бодровдун сөөгү табылды

15 жылдан кийин Сергей Бодровдун сөөгү табылды

Бул маалыматты Орусиянын “Эхо Москвы” радиосунун расмий сайты таратты. Белгилүү киноактер, режиссердун сөөгүн “Каскад тоо клубу” аттуу ишкананын жумушчулары таап алышкан, алар Геналдон дарыясын жээктей түтүктөрдү коюп жатышкан. Ишкананын жетекчиси Олег Ржанов: “Суунун шарынан “Москвич” маркасындагы машиненин кузовун алып чыгып жуудук. Ичинде чириген кийимдер, киши сөөгүнүн калдыктары бар экен”,- деди. Бул киши сөөгү Сергей Бодров экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган. Бирок абдан так маалымат азырынча жок. Бодровдун сөөгүн кантип таанып коюшкандыгы жөнүндө эч кандай маалымат айтыша элек.

Эскерте кетсек, 2002-жылдын 20-сентябрында Сергей Бодров кино тарткан топ менен биргеликте чыгып кетишип, муз көчкүгө туш болушуп, жоголуп кетишкен. 100 метрлик бийиктиктеги муз 150-170 км/саат менен жылып, жолдон эч нерсени калтырган эмес.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.