Алмазбек АТАМБАЕВ: “Мен Жумакадыровдой өлбөсөм, ар бири менен чечишип алам!”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Мен Жумакадыровдой өлбөсөм, ар бири менен чечишип алам!”

“Темир Жумакадыров – өзүм тарбиялаган сүйүктүү балдарыман эле, болгону 38 жашта болчу. Мен аны өлкө жетекчилеринин бири катары көрчүмүн,” – деди президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып.

Темир Жумакадыров Таласка баратып, жол кырсыгынан бүгүн эртең менен каза болгон. “Эмнегедир алдынан КамАз чыга калыптыр…” – деди президент.

“Жаңы президентти шайлоого болгону бир жума калды, мен бул теманы айланып өтө албайм. «Бийлик ыплас шайлоо өткөргөнү жатат» деп толтура жугунду куюлуп жатат. Менин көп теңтуштарым азап чегишти, кээ бирлери таза шайлоо өткөрөм деп жатып, каза болушту… Эгерде мен Темир Курмангазиевичтей өлүп калбасам, ар бири менен чечишип алам, бирок шайлоо таза өтөт!” – деп баса белгиледи Атамбаев.

Кырсык каш-менен кабактын ортосунда деген ушул. Кызуу кандуулукка алдырып, териштирбей туруп, саясат издей бергенге да болбойт го…

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.