Атамбаев Бабановго: «Мен эч жакка кетпейм, ушул жерден көмүлөм!»

Атамбаев Бабановго: «Мен эч жакка кетпейм, ушул жерден көмүлөм!»

Орустар “истерика” деп койчу беле. Бүгүн өлкөбүздүн мөөнөтү бүтүп бараткан президенти туруп-туруп эле талапкер Өмүрбек Бабановду жөөлөп өттү. Шайлоо мыйзамын “түшүнбөгөн” президентибиз өзүнчө эле “паникага” түшкөндөй. Үзөңгүдөн бут тайыганда адам баласы ушинтип калчу эле. Ал мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, “Коопсуз шаар” үчүн сыйлаган куралдар жөнүндө Бабановго эскертип кирди:

“Талапкер “Коопсуз шаар” жүзөгө ашпай калып, 5 миң жаран каза болгонун кыйкырып жатат. Уксаң, сен, 2012-жылы премьер-министр болгонсуң, “Коопсуз шаар” программасын жүзөгө ашыруу үчүн 24 кишини кымбат баалуу курал менен сыйлагансың. Көрсө, биздин өлкө мурда эле коопсуз турбайбы, ал үчүн сен сыйлык бергенсиң. Ар бир тапанча үчүн канча алдыңар эле? Ошондуктан мен бүгүн бүткүл өлкөгө айтып жатам, каалашса – көрсөтүшөт, каалабаса – жок. Мейли мени мыйзам бузуп жатат деп күнөөлөй беришсин, мен эч жакка кетпейм, бул менин өлкөм, менин эң башкы кыялым – ушул жерде көмүлөм”, — деди Алмазбек Атамбаев.

КТРКдагы дебаттан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов: “Биз 2012-жылы эле “Коопсуз шаар” долбоорун киргизсек болмок. 5 миң 554 киши аман калмак” деген эле.

Бул кебетеси менен “Бабановду шайлоого жеткирбей жыга чабабыз” деген имиштин чындыгы барбы?” деген ой кетет экен. Ажону ким кетирип, ким кубалап жатканы да түшүнүксүз. Өзү эле бир нерсеге даярданып калган окшобойбу. Президенттин ачууланган сөздөрү жакшы эмес. “Каның калыстыгынан тайыганда, калктын каары катуулайт” дечү беле?

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.