Атыр АБДРАХМАТОВА: “Бабановго эмес, Төрөбаевге эскертүү беришибиз керек эле”

Атыр АБДРАХМАТОВА: “Бабановго эмес, Төрөбаевге эскертүү беришибиз керек эле”

дейт БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова. Бүгүн Боршайком президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт учурунда жүргүзгөн маселесин карашты. Алар Бабановго диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт ишке аралаштырганы үчүн эскертүү беришти. Албетте, добуш берүүдө талаш-тартыш болду. Бирок, көпчүлүк добуш менен өтүп кетти. Баягы эле 8 мүчөсү колдоп, дайыма калыстыкты карманган төртөө: Абдрахматова, Арипов, Журабаева, Жылкычиева каршы болду. Бул маселе боюнча Атыр Абдрахматовага суроо берип, жооп алдык.

—Атыр айым, эмне каршы болдуң, анын себебин түшүндүрүп берсең?

—Бүгүнкү БШКнын чечими негизсиз, саясий чечим менен кабыл алынып калды десем жаңылышпайм. Себеби, биринчиден, Бабановдун Оштогу жолугушуусу 13- сентябрда өткөн. Жолугушуу тууралуу ТВ, интернет булактары аркылуу. Жарыяланган. Конституциялык мыйзам боюнча, эгерде кимдир бирөө шайлоо учурунда мыйзам бузган талапкерди көрсө, эки күндүн ичинде БШКга арыз менен кайрылышы керек. Жээнбековдун өкүлү бизге он күндөн кийин (13-сентябрдагыны 23-сентябрда) арыз менен кайрылып жатат. Ушул жерден баса белгилей кетчү нерсе, дал ошол маалда БШКда талапкер С.Жээнбековдун жолугушуусундагы Чубак ажынын үгүттөө боюнча арыз каралып жаткан.

Экинчиден, 23-сентябрда түшкөн арызды БШК мыйзам боюнча, 28-сентябрга чейин караш керек эле. Убагында каралбай, 14 күндөн кийин каралып жатпайбы. Бул жерде арыз кароо мөөнөтүнүн мыйзамы бузулду.

Үчүнчүдөн, Алымбек Датка этнографиялык борбордо шайлоочулар менен жолугушуусуна Ош шаарынын мэриясы каршы пикирин айтып, өткөрттүрбөй койгонун Оштогу Бабановдун штабы айткан. Бабанов өзү деле көптөгөн жолугушууларында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кысым көрсөтүп жаткандыгын айткан. Ошондон улам, Б.Төрөбаевдин штабы бул жолугушууга жардам көрсөтүүнү чечип, эл алдында сөз сүйлөөчүлөрдү чакырып берген.

—Мындай маалыматты кайдан билесиң?

—Бул тууралуу Төрөбаевдин өкүлү расмий кат менен БШКга кайрылган. Жогорудагы мен айткан Бабановдун жолугушуусуна Б.Төрөбаевдин штабы чакырган коноктордун арасында Садыкжан Камалов да болгон. Бул окуя С.Жээнбековдун жолугушуусуна окшошуп жатпайбы. Өзүңөр аны жакшы билесиңер, С.Жээнбековдун жолугушуусуна Чубак ажы барып, эмне деп сүйлөгөнүн. Ошондо да, БШК талапкер С.Жээнбековду күнөөлөбөй, ага эскертүү бербей, Камчыбек Ташиевге эскертүү берген. Бүгүн болсо, тескерисинче болуп калды. Бакыт Төрөбаевди эмес, Өмүрбек Бабановду күнөөлөп, ага эскертүү беришти. Бабановго эмес, Төрөбаевге эскертүү беришибиз керек эле. Бул жерде тең укуктуулук сакталбай, талапкерлерге теңдик каралбай жатат.

Эскерте кетсек

Буга чейин, бул иш боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний ишмер Садыкжан Камаловго эскертүү берген. Андан мурдараак Чубак ажы Жалилов да эскертүү алган.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.