Бүгүн Путин 65 жашка чыкты

Бүгүн Путин 65 жашка чыкты

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 65 жашка чыгып, бардык өлкөнүн президенттеринин куттуктоосун алды жана алууда. Алмазбек Атамбаев дагы телефон аркылуу куттуктады.

Атамбаев Путинге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишиндеги ийгиликтерди каалап, кыргыз-орус мамилелердин актуалдуу маселелерин да талкуулашкан. Ошондой эле, Атамбаев Путиндин көрөгөчтүгүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында Орусия туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү кадам шилтеп, кайрадан дүйнөдөгү улуу державалардын арасынан татыктуу орун ээлегенин, муну Орусиянын достору да, дос эместери да таанып жаткандыгын баса белгиледи.

Кечээ ким эле, бүгүн ким болду?

Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинград шаарында төрөлгөн. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билсин”дегендей, Путиндин ата-энеси жалгыз баласынын кийин президент болоорун билбесе керек.

Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. Эки кыздын (Мария, Катерина) атасы. Кыздарынын энеси Людмила Шкребнева (Путина) менен ажырашып кеткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.