Эртең Беш-Күңгөйдө Гүлбүбү акыркы сапарга узатылат

Эртең Беш-Күңгөйдө Гүлбүбү акыркы сапарга узатылат

Эртең, 8-октябрда, белгилүү ырчы Гүлбүбү Ороскул кызы менен коштошуу зыйнаты Беш-Күңгөйдө болот. Сүйүктүү ырчыбызды акыркы, келбес сапарга узатабыз.

Коштошуу зыйнатына белгилүү ырчылар, акын, жазуучулар, “Достор” тобундагы курбулары катышат. Бир гана Салима Балтаева алыста болуп, келе албай калат экен. Анткени ал Анкарадагы фестивалда. “Уккандан бери ыйлай берип, көзүм шишип калды. Уккан кулагыма, жазылган нерселерге дагы эле ишене албай жатам. Курбума топурак сала албай калат экем. Жакында эле неберелүү болуп, аябай сүйүндү эле. Кыздарын эстеп алып да жаман болуп жатам. Кичүү кызы Сезим 19да эле…” деп ыйлап жиберди…

Кырктын кырындагы кызыбыз Гүлбүбү эки кыздын энеси, бир неберенин таянеси, “Достор” тобунун солисти, “Сармерден» теледолбоорунун “шайыр жеңеси” эле. Ал кечээ үйүнөн көз жумган. “Сармердендин” негиздөөчүсү Сагын Ниязалиевага чалып, сураганыбызда “ичим” деп эле кете бериптир” деген эле…

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге, кыздарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.