Айзуура апасынын акыркы сөзүн айтып, элди ыйлатты…

Айзуура апасынын акыркы сөзүн айтып, элди ыйлатты…

Бүгүн белгилүү ырчы кызыбыз Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узаттык. Чоң-Арыктагы бейиттен жаны жай алды. Коштошуу зыйнаты өзү жашаган үйүндө, Беш-Күңгөй айылында болуп өттү. Акыркы сапарга узатууга  Т.Тургуналиев, Б.Мамырова,  К.Эралиева, Ш.Талипова, С.Садыкова, К.Керимбаева, Г.Сатылганова, Д.Акулова, Г.Байзакова, А.Турдалиева ж.б. барышты. Коштошуу сөзүн баары ыйлап, араң  айтышты…

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: “Кудай сага жашты буйрубаптыр”

—Гүлбү, кагылайын, жаркылдаган жан элең. Кудай сага баарын бериптир: бойду да, ойду да, өңдү да, үндү да. Бирок, сага жашты буйрубаптыр. Өтө эле жаш кетип жатасың, айланайын. Жаңы эле төрөлгөн небереңдин “таяне” деген сөзүн укпай кеттиң, арман… Калган жашыңды небереңе, эки кызыңа берсин. Жаныңды жанаттан берсин, кызым. Кош!

Бөдөш МАМЫРОВА: “Кыргыз каркырасын, Аксынын ак куусун жоготтук”

—Кыргыз элим, бүгүн маданият чоң бир оор жоготууга учурап турат. Чолпондой кызыбыздан ажырап, коштошуу зыйнатына чогулуп олтурабыз. Гүлбү, айланайын сиңдим, кош дегенге ооз барбайт. Айла жок, акыркы сөзүбүздү айтууга аргасыз болуп турабыз. Кыргыз каркырасын, Аксынын ак куусун жоготтук. Айланайын сиңдим, биз сени кылган эмгегиң менен эскеребиз. Жаркылдаган жүзүңдү тартылып калган клибиңден, шаңшыган үнүңдү жазылып калган ырыңан угабыз эми. Кош, сиңдим. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Шахра ТАЛИПОВА: “Гүлбү Гүлзаттан кийинки кызым эле…”

—Кагылайыным, Гүлбү кызым, Гүлзаттан кийинки кызым элең… “Сармерденди” алып барган күлмүңдөгөн кызым Гүлзат кайрылбас жакка кеткенден кийин, жаркылдап ордуна сен келдиң эле. Эми минтип сени да жоготуп отурабыз… Айла жок, кош бол, кагылайын, кызым, кош!

Жайнагүл КАЛЧАЕВА:“Небереңдин беш таянеси калды…”

—Гүлбү, эми сен жок кантебиз? “Достор” тобу жетим калды. Жаңы эле жарыкка келген небереңдин жыттап сүйүндүң эле. Ошол сүйүктүү небереңдин артында беш таянеси (“Достор” тобунун ырчылары жөнүндө сөз болууда: Ж.Калчаева, Г.Байзакова, С.Балтаева, А.Султанова, Н.Абазова –авт.) калды. Беш таянеси жардамдашабыз… Кош, алтыным, кош!

Сагын НИЯЗАЛИЕВА: “Сермерден” жетим калды”

—Гүлбү, “Сермерден” жетим калды. Кош… (мукактанып, ыйлап сүйлөй албай койду…

Айзуура ЭЛМИРБЕК кызы: “Апам биздин колубуздан кете берди”

—Сүйлөбөй эле коеюн дегем… Бирок, апамдын акыркы сөзүн эл алдына айтып коеюн дедим. “Кыргыз элим”, деп баштачу дайыма сөзүн. “Кыргыз элим” деп кете берди… Апам эч кимге жамандык кылчу эмес, атүгүл, каалачу да эмес. Бизге да дайыма: “жамандык кылбагыла, колуңардан келсе жардам бергиле” дечү. Кошунабыздын беш баласы бар. Ошолорго жардам берип жүрдү. Дегеле элден бир тыйын аячу эмес. Аябай боорукер, берешен болчу. Элге колунан келген жардамын берип, ташынып эле жүрүп өттү. Апа, артыңда калган эки кызың күчтүү. Сиздин болгон ырыңызды көзүм өткөнчө телерадиодон бердиртип өтөм. Сиз кылбай калган нерселерди кылам. Сөз берем. Апам жаңы эле төрөлгөн небересинин кыркын чыгарганга жетишип калды. Ошондон кийин, эки кызынын, биздин колубуздан кете берди…

Ушундай сөздөрдү айтып, улуу кызы Айзуура элдин баарын ыйлатты… Эркектер ырчы кызыбыздын сөөгүн бейитке алып жөнөшкөндө, артынан ээрчий алтымыштагы апасы, эки кызы, эл ыйлап, узатып калды… Кырктын кырында кеткен маркумга “Дасмия” ресторанында куран окулду.  

Эскерте кетсек, 6-октябрда, Гүлбү Ороскул кызы мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Ал 1976-жылы 1-ноябрда Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Маркумдун артында эки кызы, бир небереси калды.

 Маркумдун апасына, кыздарына, бир туугандарына, төкмө акын Элмирбек Иманалиевге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.