АША: “Мени орустар менен казактар сатып кетти…”

АША: “Мени орустар менен казактар сатып кетти…”

Активдүү коомдук ишмер Эдил Байсалов өзүнүн “Твиттер” баракчасына төмөнкү маалыматты жайгаштырган. Бирок чын-төгүнүн териштире албадык. Анда АША мамчиновниктердиби, же тарапташтарынбы, айтор, элди филармонияга чогулткан имиш. Бир да кишини чөнтөк телефон менен залга киргизбей, өздөрүн гана текшерип киргизген имиш. Анан эмне сөз болгон?.. “Мени орустар менен казактар сатып кетти” деген имиш. Бирок, бул жалган болушу да мүмкүн. Азырынча так айталбай турубуз, сураштырып жаткан кербезибиз. Болгону Эдил Байсаловдун жана анын баракчасына жазылгандарына көңүл буруп көрөлү. “Эдичка” жөн жазчу эмес эле…

И баса, бүгүн дагы бир активист Адил Турдукулов Боршайкомго Атамбаевдин үстүнөн президенттин шайлоо жүрүшүнө кийгилишип, мыйзам бузуп жаткандыгы боюнча арыз таштайт. Ал жөнүндө да маалыматты илгертпей бергенге аракет кылмакчыбыз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.