Атамбаев шайлоону шылтадыбы же шайы шылтоо болдубу?

Атамбаев шайлоону шылтадыбы же шайы шылтоо болдубу?

Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү А.Атамбаевдин Сочиге иш сапарынан баш тартып койгонун ММКга мындай деп түшүндүрүштү. Шайлоо күнү (15-октябрда), айрым саясатчылар чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен кылмышкерлерди колдонуп, массалык башаламандык уюштуруп жибериши мүмкүн экен. Ушундай кырдаалды ажо эске алып, өлкөнүн коопсуздугуна тынчсызданып, тартипти жеке көзөмөлүнө алуу максатта Сочиге барбай калыптыр. Ордуна премьер-министр Сапар Исаковду делегация менен жөнөтүүдө.

Негизи Сочи шаарында КМШ мамлекеттеринин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш жыйыны 10-11-октябрда өтмөк. Эки күнгө барып деле келсе болмок. Шайлоого жетишип келип калмак. Баш тартуунун себеби башка жакта го… Шайлоого шылтадыбы же шайы шылтоо болдубу?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.