БШКнын төрт мүчөсү элге чакырык таштады

БШКнын төрт мүчөсү элге чакырык таштады

Бүгүн Боршайкомдун төрт мүчөсү: Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева БШК жана аймактык, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө жана шайлоочуларга ММКка аркылуу кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда президенттик шайлоону акыйкат, калыс, таза өткөрүп, туура чечим кабыл алып, элдин ишенимин актоого чакырык ташталган. “Эгерде БШК шайлоого саналуу күн калганда президентикке талапкердин бирөөн жарыштан четтетсе, анда ал мыйзамдуу болбой калат. Биз мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылабыз. Ошону менен бирге бизден башка БШК мүчөлөрүн бийликтин айтканын аткарбай, талапкердин бирине да жан тартпай, ага артыкчылык көрсөтпөөгө чакырабыз” деп жазылган кайрылууда.

БШКнын мүчөлөрү ушул төртөөндөй калыстыкты карманып, таза шайлоо өткөрүүгө умтулса кана? Президенттик шайлоого саналуу гана күн калды. БШК аны канчалык таза өткөрүп берет көрө жатарбыз.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “БШКнын төрт мүчөсү элге чакырык таштады

  1. Биз ушундай акыйкатчыл.жалтанбас өлкөдөгү патриот жарандарыбызды колдошубуз керек
    Булардын чакырыгына көңүл бурбай кайдыгер болууга акыбыз жок

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.