Психикаң кандай, бир боорум?

Психикаң кандай, бир боорум?

Бир киши сыйлык тапшырып жатып, бир нерселерди сүйлөнгөндөй болду эле, “бул эмненин белгиси?” деп собол таштагандар четтен эле табылган. 10-октябрдан баштап Кыргызстан боюнча психикалык ден-соолуктун бир айлык күндөрү өтмөй болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтуусу боюнча, бир айдын ичинде психикалык ден-соолук маселелери боюнча тегерек үстөлдөр, маалыматтык-билим берүү семинарлар, тематикалык окуулар болуп, калктын психикалык жактан жабырлануу себептери боюнча маалыматтар жайылтылмакчы.

10-октябрь – өзү Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден-соолуктун күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө психикалык ооруларга чалдыккандардын саны 450 миллиондон ашык.

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.