Жети метрлик жылан менен алышып…

Жети метрлик жылан менен алышып…

Индонезиянын тургуну, 37 жаштагы Роберт Набабана пальма май өсүмдүгүн өстүргөн талаада иштейт экен. Анан мотоцикл менен баратканда жолдон жети метрлик питон чыккан. Андан коркуп өтө албай турган башка кишилер да ары жакта отурушкан экен. “Мен аны “жолдон алып коеюн” дегенчекти болбой, колуман тиштеп алып, шап мага оролду. Экөөбүз алышып эле жатып калдык. Колума тийген таш менен ургулап жатып араң өлтүрдүм. Анан эсимди жоготуп коюпмун. Ооруканага алып барышыптыр. Эсиме келерим менен үйгө кетип калдык. Үйгө келип, теңтуштарым, үй-бүлөм менен баягы жыланды кууруп жеп койдук”, — дейт эр жүрөк Роберт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.