Алан Чумак каза болду

Алан Чумак каза болду

Белгилүү элдик дарыгер Алан Чумак 83 жашында каза болду. Эсиңиздердеби, 89-жылдын аягы, 90-жылдын башында орустар эле эмес, кыргыздар дагы банкага суу толтуруп алып, телевизордун алдында Алан Чумакты тиктеп эле отуруп калышкан. Анын атаандашы — Анатолий Кашпировский эле.

Алан Чумакка элди дарылоо касиети кийин эле келген. Ага чейин телевидениеде телекомментатор болуп иштеген. Кесиби журналист болгон. Кийин ага “элди дарыла” деген, кыргызча айтканда, аян түшкөн. Элди дарылай баштаган, көбү анын колунан айыгып кеткен. Ага эл агылып бара баштаганда, Саламаттык сактоо министрлиги токтотуп талап кылган. Анан ал 2000-жылы өзүн саясаттан сынап көргөн. Самара облусунан Мамлекеттик Думдун шайлоосуна катышып, өтпөй калган. Өмүрүнүн аягына чейин элди дарылап өттү. Азырынча эмне болуп өлгөнү белгисиз.

Видео

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.