Бабановдун үйүнө түндө Шитов кирген

Бабановдун үйүнө түндө Шитов кирген

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үйүнө түндө саат 03.00до белгисиз киши кирип, кармалганы боюнча маалыматты анын шайлоо штабы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, түндө кирген адам 26 жаштагы Казакстандын жараны Антон Геннадьевич Шитов болуп чыккан. Ал буга чейин Раим Матраимов менен иштегени белгилүү болгон. Шитовду Бабановдун кароолчулары кармап алышып, аны милицияга өткөрүп беришкен. Ал кандай максат менен Бабановдун үйүнө киргени боюнча азырынча милиция тарабынан маалымат боло элек.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.