Бүгүн Бабановду шайлоодон четтетишеби?

Бүгүн Бабановду шайлоодон четтетишеби?

Бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштогу Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү боюнча арызын Боршайком түштөн кийин карайт. Буга чейин бул маселе боюнча БШК корутунду чыгарган. Корутунду азырынча жумушчу топтордо. Бүгүн чогуу-чаран чечим чыгарышат.

Эскерте кетсек, БШК Өмүрбек Бабановго буга чейин эки жолу эскертүү беришкен. Биринчиси — үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов жана С.Жээнбеков менен түшкөн сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси — диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген. Экинчи эскертүүсү мыйзам чегинде туура эмес болуп калганын Боршайком төрайымынын орун басары А.Абдрахматова айткан эле. “Биз Бабановго эмес, Б.Төрөбаевге эскертүү беришибиз керек болчу” деп. Анткени, С.Камаловду жолугушууга Бабанов эмес, Төрөбаев чакырган. Талапкердин бири С.Жээнбековдун жолугушуусуна Чубак ажы барганда, Жээнбековдун үстүнөн арыз түшкөн. БШК аны карап чыгып, Жээнбековго эмес, Ташиевге эскертүү берип коюшкан. Бул жерде билинип эле жатпайбы ажонун айтканын БШКнын төрайымы менен айрым мүчөлөрү аткарып жатканы. Ажо өзү деле мамлекеттик сыйлык тапшырып жатканда, “биздин кандидат” деп ачык эле айтпадыбы. Ошол сөзү боюнча Адил Турдукулов “мыйзам чегинде шайлоого ажо аралашпашы керек” деген таризде кечээ А.Атамбаевдин үстүнөн БШКга арыз таштаган.

Шайлоо жакындаган сайын бийлик Жээнбековду өткөрүү үчүн далбастап жатканы көрүнүп эле калбадыбы. Ажо дагы шайлоону шылтоолоп Сочидеги иш сапарына барбай койду. Ажонун айтымында, шайлоо күнү (15-октябрда) айрым саясатчылардын чагымчылдыгы менен тополоң болуп кетиши мүмкүн экен. “Үчүнчү төңкөрүштү мен кылышым керекпи?” деп Путин келгенде айтып алды эле го. Үчүнчүсүн дагы өзү уюштурганы калды окшойт. Дегеним, таза шайлоо болбосо, эл өзүнүн талапкери үчүн пикетке чыгышы мүмкүн…

Кыскасы, бийлик БШК аркылуу ар кайсы шылтоо менен Бабановду шайлоодон четтеткени калды окшойт. Шайлоого саналуу күн калганда ушундай кылгандары туурабы? Ажо өзүн ойлобой, өлкөнү ойлосо болмок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.