Клара Алибекованы шылдыңдаган милициялар табылды

Клара Алибекованы шылдыңдаган милициялар табылды

Ырчы Клара Алибекованы видеого тартып, орой мамиле жасаган милициялар табылды. Бул ишти алып барып жаткан ИИМ өкүлү Таалай Жайылов билдирди. “Милиция кызматкерлери табылды. Алар бүгүн ИИМге келип, өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн берип кетишти. Териштирүү иш аягына чыга элек, тагырагы, аларга кандай чара көрүлө турган чечим чыга элек. Эртең түштөн кийин, кечке маал чечим чыгып калат”,-деди Таалай мырза. Кандай чечим кабыл алышат күтө туралы. Ушунча күттүк, эми бир күн күтүп коелу, туугандар!

Эскерте кетсек

“Ютубга” милицияга кайрылган ырчы Клара Алибекованын видеосу коюлуп, ал социалдык түйүндөрдө талкууга алынган, азыр деле алынууда. Бул видеодо ырчы кимдир-бирөөнүн колунан зордукталып кала жаздап, качып чыгып, милицияны көрүп калып, аларга жардам сурап кайрылган. Алапайын таппай, жүрөгү түшүп калган кызга милициялар орой мамиле кылышкан. “Крышаң кетип калган жок беле?” деп сурап, видеого тартышканы аз келгенсип, аны өздөрү “Ютубга” коюшкан. Коомчулук милицияга кыжырданып, бул маселени көтөрүп чыгышкан. Көпчүлүк атактуу акын эжебиз Бурулкан Карагуловага кайрылып, бул иштин аягына чыгып берүүнү өтүнүп, К.Алибекованын телефонун беришкен. Эркектей мүнөзү бар эжебиз муну колго алып, ИИМге арыз таштап, аларга күнүгө чалып турган. Эжебиз да эртеңки чечимди күтүүдө.

Нази БАЯН кызы

One thought on “Клара Алибекованы шылдыңдаган милициялар табылды

  1. Кантип ушул кадамга бардынар кыргызымдын жигитери …. Бир кезекте кыргызымдын жигитери шумкар сыяктуу дугуротот дуйнону шумкар сыякту келет деп кыргызымдын жигитерин даназалап ырдаган кызды эмне окшош кылгансынар мунунар акылга сыйбайт милиционерлер ушундай кадамга барып атасынар калганы нени кылбайт Погонунарды сыйласар боло озунорду сыйлабасанар да

Добавить комментарий для НурматОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.