Сот Салянованы 5 жылга эркинен ажыратты

Сот Салянованы 5 жылга эркинен ажыратты

Депутат Аида Салянованын созулган сот отуруму бүгүн Ленин райондук сотунда таң атпай (8.30) уланып, судья Кубанычбек Касымбеков шашылыш өкүм чыгарганга чыгып кеткен. Төрт сааттан кийин келип, узун өкүмүн узакка окуп, 5 жылга эркинен ажыратты. Сотко акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы катышты, буга чейин да катышкан. Ал дагы калыстыгын айтат го деп ойлойбуз.

Соттун мындай өкүмүнө депутаттын адвокаттары, жактоочулары, катышуучулардын баары нааразы болуп, сотко наалат айтышты. Бул райондук сот, эми алдыда шаардык сот бар. Алдыда кандай иштер болот, дагы маалымат берип турабыз.

Адвокаттын юридикалык баасы…

Адвокат Улан Жумаков Аида Салянованын сот отурумунан калбай катышып, аудиого жаздырып, социалдык түйүндөргө жазып, видеого тартып, түз эфирден берип, элге чындыкты жеткирип келет. Соттук отурумдагы иштерге юридикалык баасын берген. Ошону кайталап берип коелу. Окугандан кийин, карап көргүлө,  Башкы прокуратура туура иш козгоп, сот туура өкүм чыгардыбы?

Эми козголгон кылмыш ишинин юридикалык жагын карап көрөлү. Аида Саляновага КРнын кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндөгү кылмыш айыбы коюлууда. Анда ошол беренини карайлы:

304 берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

(1) Кызматтагы тарап өзүнүн кызматтык абалынан кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланууда, эгерде жарандар менен юридикалык тараптардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же мыйзам менен корголгон коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузган болсо, —

 бир миң сомдон эки миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же бир жылдан үч жылга чейин кесилет.

(2) Өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү максатында кылган же өзүнүн башка кызыкчылыгы үчүн кылмышка барса, —

Үч миң сомдон төрт миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин кесилет.

(3) Ушул эле берененин экинчи бөлүгүндө каралган кылмыш ишинде:

1) өзгөчө ири зыян келтирилсе;

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болсо;

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсо, —

Жыйырма миң сомдон отуз миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же беш жылдан сегиз жылга чейин кесилип, мүлкү алынат же алынбайт.

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыг иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап, —

Отуз миң сомдон элүү миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же сегиз жылдан он эки жылга чейин кесилип, мүлкү алынат.

Биз көргөндөй, дал ушул төртүнчү бөлүгү коюлууда:

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап.

Ушул жерден мамлекеттик айыптоочуга суроо жаралат, аталган беренедеги экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши каякта? Берененин 2-бөлүгүндөгү өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү же өзүнүн башка кызыкчылыгы максатында кылган кылмыш кана?

Салянова же башка тараптар кандай пайда тапты? Аталган Елисеев лицензиясы узартылганга чейин эле (ал лицензия Кыргыз Республикасынан сырт жакта жарабайт) Латвияда фирма ачып алган экен. Пайда табуу кана же ким пайда тапты?

Үчүнчү бөлүгү боюнча, ушул беренеде каралган экинчи бөлүктө каралган кылмыш иши кана:

1) өзгөчө ири зыян келтирүү (кимге зыян келтирилди? Эч кимге!)

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн (уюшулган кылмыш тобу же кылмыштуу коомчулук кана? Бул жерде да эч нерсе жок!)

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу (бул боюнча иште да менчик ээси жөнүндө сөз жок, анан кайдагы эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсун?!)

Бул беренедеги 2-3-бөлүктөр болмоюнча 4-бөлүгү болушу мүмкүн да эмес!!! А 2-3-бөлүктөр иште жок, демек 4-бөлүгү да коюлбашы керек!!!

Эми акыркы суроо: кантип, кантип (!), эмненин негизинде Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгой алды???!!!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.