Бул маалыматты “Ата Мекен” партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 10-октябрда, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКдан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган. Андан ары кайсы абакка жиберилери белгисиз. Ал эми Жаза аткаруу кызматы алар он күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анан жалпы абакка которуларын билдиришкен. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет.
Эрзат МЫРЗА