Жайнагүл КАЛЧАЕВА, ырчы: «Гүлбүнүн оорусунун диагнозу чыккан»

Жайнагүл КАЛЧАЕВА, ырчы: «Гүлбүнүн оорусунун диагнозу чыккан»

Белгилүү ырчы Гүлбү Ороскул кызы элди боздотуп, сыздатып, кечээ эле сөөгү жерге берилген. Сөөгү муздай электе, оорусу боюнча ар ким ар кандай айтып, жазып жатат. Болгон чындыкты курбуларынан угуп, ушу менен ашык сөздү токтотуп, Гүлбүнү жайына коелу деген ниетте “Достор” тобундагы Жайнагүл эжебизге кайрылдык.

-Эже, “Достор” тобунун кичүү ырчы кызы эрте өтүп кетип, баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды. Арты кайырлуу болсун.

-Рахмат. Жүрөгүм ооруп араң турам. Эч бир ишене албай жатам. Вотсаптагы сүйлөшкөнүбүздү көрүп, каткырган үнүн угуп, аябай жаман болуп атам. Гүлбүшка жаркылдагын, жароокер жан эле. “Достор” тобундагы эң кенжебиз, эркебиз, көкүрөк күчүгүбүз болчу. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Гүлбүгө убада бердим, “кыздарыңа 5 апа, небереңе 5 таяне болобуз. Сени эч качан унутпайбыз” деп. “Достор” тобунун атынан, кудайым буйруса, Гүлбүшканын артында калган Айзуура менен Сезиманы таштабайбыз. Колдон келген нерсени кылабыз. Гүлбүшкага өмүр бою куран окутуп турабыз.

Элмира Кайып кызынын бейитинин жанына коюлган турбайбы?..

-Ооба. Алтыным Гүлбүгө кечээ, таң эрте мүрзөсүнө Апасы, кыздары болуп барып, куран окуп келдик. Ошондо Элмирага да куран окуттук. 40 күн мурун эле Элмира Кайып кызын узатпадык беле. Эки булбулубуз жаш кездеринде курбу болуп, кошуна жашашкан. Тагдырды кара, тобо,  түбөлүк жайы дагы экөөнө кошуна болуп буйуруптур. Өтө таңгалычтуу болду. “Бири булбулум” десе, “бири кургурум” деп чогуу жатып калышты…

—Гүлбүнүн оорусу да таңгалычтуу болууда. Ал боюнча ар кандай кеп кетти. Эмнеси ооручу эле? Каза болгондон кийин, так диагноз коюлдубу?

—Ооба, коюлду. Гүлбү бир жума мурун, “ашказаным ооруп капельница алдым. Колум бошосо жакшылап дарыланып алайын деп атам” деп айткан. Бирок, айтканын кылган жок. Себеби, өтө ак көңүл, адамдын көңүлүн калтырбаган кыз эле. Азыр күз, тойдун убагы. Чакыруулар көп болуп, аларга барууга туура келип, барып жатты. Мугалимдердин майрамында алардын кечки тоюна барып, жаркылдап сүйлөп, куттуктап, ырдап кеткен. Бирок, ооруганын такыр билгизген эмес. Негизи эле биз, ырчылар ооруганыбызды көңүл бурбай, сыр бербей жүрө беребиз. Анын үстүнө Гүлбүнүн жаны тынчы эмес, ал өтө көп эмгектенди. Эми так диагнозун сурап жатасыңар. Биз, туугандары, кыздары “судмедэкспертиза туура диагноз коюп, чыгарсын” деген талап койгонбуз. Анан алар “ашказанындагы тромбу жарылды” деген бүтүм чыгарышты. Кичинекей кан тамыр адамдын бардык жеринде болот тура…

-Тез жардам келгенче үзүлүп кеттиби?

-Ичи ооруп, катуулаганда кыздары тез жардам чакырышыптыр. Бир эле медайым, анда да колунда көтөргөн чемоданы жок келиптир. “Ашказаныңыз ооруса ношпа ичиңиз” деп кетип калыптыр. Ал кетери менен экинчи жолу тез жардам чакырышкан. Тилекке каршы, алар келгенче, Гүлбүнүн денеси муздап калыптыр. Ошондо саат 14.00до үзүлүп атат.

-Бул жерде кеп “Сермерденде” (“кара жолтой экен, жабылсын” деп чыккандар да болду) эмес, тиги медайым кызда турбайбы? Ал кызды сотко бериш керек го?

-“Сармерденди” кара жолтой” деп айткандын өзү туура эмес. “Сармерденде” шайыр жеңе болоору маңдайына жазган жашоосу. Ага барарда, чоң түлөө өткөрүп, бардык ырым-жырымын жасаган эле. Гүлбү эң сонун алып баруучу болгон үчүн элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду да. “Сармерден” токтобойт. Анткени, ал жакшы ниетте ачылган.

-Гүлбү кайталап турмуш курду беле? Жолдошу жөнүндө да өйдө-төмөн сөз жүрүүдө. Анын канчалык чындыгы бар?

-Гүлбү кайрадан турмуш курган жок. Кыздарынын жанында, маңдайында жаркылдап, мээримдүү эне болду. Аларды эч нерседен кем кылбай, жакшы карады.

-Жамандыкты апасына угузуу кыйын эмеспи. Кантип угуздуңуздар?

-Апасы шаарда, “Кара-Жыгач” конушунда балдары менен жашайт. Гүлбүшка каза болгон учурда апасы Аксыда эле. Атасынын ашын берип жүргөн эле. Жолду катар туугандары угузбай келишип, Бишкекке келгенден кийин угузушту… Азыр апасына, кыздарына, бир туугандарына, бизге оор. Ошондуктан, билип, билбей айтып, жазып жаткандардан суранат элем, “Гүлбүнү сыйласаңар, жайына койгулачы” деп. Гүлбүшканын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Биз эч качан аны унутпайбыз!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.