Адил ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаев үчүн азыр маанилүү — бийликке мураскерин өткөрүү болууда”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаев үчүн азыр маанилүү — бийликке мураскерин өткөрүү болууда”

—Адил мырза, М.Аспеков телефондо сүйлөшкөндөрү боюнча аудио чыгып, кармалды. Аспеков жөнүндө эмне айта аласың?

— Аспеков кыялданган нерсени чынга айлантып алып, айта берет. Ал өзү дардаңкөй жигит.

—Аудио, видеолорду КТР күндүр-түндүр бир жактуу көрсөтүүдө. Буга кандай көз караштасың?

—Эми башкалар балким Илим Карыпбеков кетсе деле, башкасы келип шыбай берет деп ойлойт окшойт. Бул жерде менин оюм башкачаарак. Баарын тең персоналдык жоопкерчиликке тартыш керек. Ошондо гана коом тазаланат, адилеттүүлүк орнойт. Мыйзам орноп, ал бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштесе эле, калыстык болот.

БШК да калыстыктан тайууда. Жээнбековго такыр эле эскертүү берген жок. Алар эмитен ушинтип жатса, анан кантип таза шайлоого ишенебиз?

—Албетте, БШКнын мыйзам бузууну көрбөй жатканы шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек санатат. Негизгиси Акүйдүн тапшырмасы менен Бабановду алып койбосо болду. Эгер андай болсо, анда бул шайлоо чоң чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн.

-Бабановго үч жолу эскертүү берди. Ага Турсунбек Акун нааразы болуп, «шайлоодон четтетилиши керек» деп чыкты. Буга эмне дейсиң?

-Эми Акун мырза Атамбаевге, Жээнбековго жагынып жаңы кызматка илинип калайын деген үмүтү бар окшойт. Муну менен Турсунбек Акун Жыпар Жекшеевге окшогон “дүжүрдүн” кейпин кийди деп эсептейм.

—Атамбаев Сочиге барбай койду шайлоону шылтоолоп… Неге барбай койду деп ойлойсуң?

—Эми Атамбаев үчүн азыр эң маанилүү маселе бийликке мураскерин өткөрүү болуп жатат. Ошол үчүн Сочиге барбай калганы баарыбызга тең түшүнүктүү эле болду. Атамбаев керек болсо, эң жакын коңшу мамлекеттер менен мамилени бузууга даяр экенин көрсөттү. Өзүн ойлобой, өлкөнү ойлосо жакшы болмок. Мына көрүп эле жатпайбызбы, анын ойлонбой сүйлөгөнүнөн улам, кечээтен бери кыргыздарыбыз чек арадан ары-бери өткөндөн кыйналып жатат.

—Соңку суроо. Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратты. Буга көз карашың кандай?

—Бул саясый кугунтууктун уландысы. Буйруса бийлик алмашса, адилеттүү сот орносо, Аида Салянова эле эмес, ак жерден отурган башка саясатчылар да абактан чыгып акталат деп ойлойм. Жаңы бийлик менен жаңы доорго багыт алабыз деген үмүттөмүн.

Маектешкен Күнайым АЛМАЗ кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.