Айзуура апасы жөнүндө ушактап жазгандарга жооп кылды

Айзуура апасы жөнүндө ушактап жазгандарга жооп кылды

«Айтпай турган сѳз эле!..» деген аталышта Айзуура Иманалиева апасы Гүлбү Ороскул кызы жөнүндө ушактап жазып жаткандарга өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жооп жазды.

Айзууранын жазгандарын эч өзгөртүүсүз бердик. Жандүйнөсү ооруп, бук болуп жазган кызыбыздын чыркыраган чындыгын окуп, аны терең түшүнүп, экинчи ушак жазбайсыңар деп ойлойбуз.

Ошентип, мамамды жерге бердик. Баш-учубузду таппай жүрүп, эми гана айрым «бузук телефон» ЖМК сѳрѳйлѳр ар кандай сѳздѳрдү (кайдан алышканын билбейм) таратып жатканы менен таанышып, анан бул маалыматты жазып коюну туура кѳрдүм:

  1. «Гүлбү ууланып ѳлүптүр, бир ѳчѳшкѳн кишиси уу бериптир, тойдон бирѳѳ ууландырып коюптур» деген сѳздѳрдү чыгарып, таратып, дѳѳрүп жаткандар! Мамамдын ички кан тамыры жарылып кетип каза болду. Кудай – берүүчү дагы, алуучу дагы экен. Эртең силерди дагы жараткан кудай – силерди дагы алып кетет, ар кандай кырдаалда.
  2. «Гүлбү каза болгондо жалгыз экен, бирѳѳ ууландырып койсо кыздары жанында жок экен»,- деп, кайдагы-жайдагы сѳздѳрдү таратып жаткандар! Тилекке каршы, мамам биздин колубуздан узады. Тилекке каршы, биз менен коштошуп анан ѳтүп кетти.
  3. Эгер бирѳѳ ууландырып койгону чын болсо, же баштан-аяк жанында болбогонубузда, киши колдуу болгонунан күмѳнүбүз болгондо, биз тынч отуруп калмак эмеспиз.

Кайрылуу:

  1. Замандаштар! Ансыз да кара кийип, кан жутуп отурган маалыбызда мамам тууралуу оюңарга келген сѳздѳрдү оттой бербегиле! Арбакты сыйлагыла!
  2. Бардык ЖМК ѳкүлдѳрү! Эгер бейиши болгур, Гүлбү Ороскул кызы тууралуу маалымат таркаткыңар келсе, бизден бир ооз тактап коюңуздар.
  3. Ар кандай ушактарды жазган соц.тармактагы ФЭЙКТЕР! Анан ошол фэйктердин фейсбукка жазганын маалыматтык шылтоо (информационный повод) кылып, ага таянуу менен жарыялап жаткан ЖМК сѳрѳйлѳр, ѳзгѳчѳ, ушактын аркасы менен арам тамак таап жеген сайттар! Телефон деген бар. Бизге чалып бир ооз сурап коюу акылыңарга келген жокпу? «Журналисттик этика», «Журналисттик чеберчилик», «Маалыматты туура таркатуу» деген нерселер жок болсо дагы, «Уят», «Абийир», Кудайдан коркуу» деген жокпу силерде? Же ошол ушакты басып жаткандар, силер ѳлбѳйсүңѳрбү? «Силерди мамамдын арбагы урсун! Силер тараткан ушактын ар бир тамгасына жүрѳгү канап отурган жакындарынын кусуру урсун»,- деп каргабайм. Кудайдан, каргыштан, кусур уруп кетүүдѳн коркпосоңор, мыйзамдан корккула! Анткени, эгер мындан ары ушак сѳздѳр кайсы ЖМКда же ЖМК сѳрѳйдѳ жарыялана турган болсо, мен жѳн койбойм. Биздин абийирибизге шек келтирген ким болбосун, сѳзсүз мыйзам алдында ЖООП БЕРЕТ!

Эскертүү:

Буга чейинки ушак таратып ийген ЖМК сѳрѳйлѳр! Кѳзүңѳрдү чоң ачып окуп, кулагыңарды тазалап туруп угуп алгыла! Ушул темага карата бул менин акыркы комментарийим болсун! Мындан ары ким жазбасын, ЖООПСУЗ КАЛБАЙТ!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.