Атамбаев: «6 жылдан бери мени элим, таластыктар дагы колдоп келди»

Атамбаев: «6 жылдан бери мени элим, таластыктар дагы колдоп келди»

Бүгүн, 11-октябрда, ажо Атамбаев Талас облусуна иш сапар менен барды. Алгач Манастын күмбөзүнө барып зыярат кылып, андан кийин К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. 2014-жылы театрдын маселесин көтөргөндүгүн мындай деп эстеди:

Мен үчүн бул маселени чечүү абдан маанилүү эле. Талас жергеси таланттарга бай. Мен премьер-министр болуп турганда, Бишкекте эки эстелик орнотуу демилгеси менен чыккам. Бири — борбордук “Ала-Тоо” аянтына Манастын эстелиги, экинчиси — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго эстелик. Бул Талас үчүн зор сыймык.

«Мени дайыма Манас атабыз дагы колдоп жатты…»

—Оор сыноолордун алдында Манас атабызды эстеп, куран окуйм. 2000-жылы, 2011-жылы президенттик шайлоодо дагы, башка маанилүү учурларда дагы ошондой болгон. Манас ар дайым менин жүрөгүмдө. Алты жылдын аралыгында мени элим, анын ичинде таластыктар дагы колдоп келди. Албетте, мени дайыма Манас атабыз дагы колдоп жатты. Манастын эстелиги Москвада, Стамбулда коюлган. Келерки жылы Алтайда Кыргыз каганатына арналган тарыхый музей ачылат. Кыргыздар – байыркы эл, анын күчү дайыма биримдикте болгон. Муну эстен чыгарууга болбойт.

Талас жергесинде өнөрлүү көп адамдар чыккан. Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев өңдүү таланттар төрөлгөн… Мен бул театрды карап туруп, Талас Кыргызстанга Чыңгыз Айтматов сыяктуу жаңы таланттарды тартуулайт деп ойлоп турам.

«Бүгүн айрымдар реванш алып, эски заманды каалап жатышат»

Бүгүн айрымдар реванш алып, эски заманга кайра кайтууну каалап жатышат. Бирок 7-апрелде Таластын шумкардай болгон 9 жигити эски тартип кайра кайтып келбесин деп өз өмүрүн бергенин эстен чыгарбагыла. Балким, 6-апрелде Таластагы окуялар болбосо, 7-апрель окуялары дагы болмок эмес. Ошону үчүн Талас элине рахмат. Кыргызстан эл тандап алган жолдон чыкпашы керек, анткени, кыргызстандыктарды жаркын келечек күтүп турат.

«Кыргыздын байлары зыкымыраак, бир тыйын бербейт»

Атамбаев сөзүн аяктап бүткөндөн кийин, Талас музыкалык драма театрынын кызматкерлерине 1 млн сомго сертификат тапшырып, буларды кошумчалады:

—Декорацияларына жетпей калса, мен дагы каражат берем. Атамбаевдин фонду башка жактан чогултулат. Көрүнгөн мамлекетте досторум бар. Акыркы 45 миллион сомду деле бир орустун байынан алып келгем. Кыргыздын байлары зыкымыраак, ачык айтканда, бир тыйын бербейт.

 Таласта ажого жолуга албай калган таластыктар нааразы болушту…

Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Алардын билдирүүсүнө караганда, Атамбаевге жолуга албай калган таластыктар нааразы болгонун Эркинбүбү Эшимбаева билдирген. “Мен көп жылдан бери укук коргоочу болуп иштейм. Бакиевдин режимине каршы болуп, Атамбаев бийликке келгенде баарыбыз тикебизден тик туруп, ошо кишини шайлап алдык эле. Бүгүн болсо чакыруу кагаз менен деп милиция баарын тосуп коюп, кире албай жатабыз. Эмнеге киргизбей жатканын түшүнбөй калдык. Жаран катары Атамбаевдин сөзүн угалы дегенбиз”,деген экен Эркинбүбү айым.

Талас элинин баарына эле жолугуп койсо болмок. Көбүн жолугушууга киргизбей коюшуптур. Атүгүл, ажонун Таласка барганын да билбей калгандар болуптур…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.