Кыргызстан — Мьянма – 2:2

Кыргызстан — Мьянма – 2:2

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен мейманда ойноп, 2:0 эсебинде утуп жатып, аягында эки топту кое берип, оюн 2:2 эсебинде аяктады. 8-мүнөттө Виктор Майерди чалып жиберишип, 11 метрликтен Антон Землянухин эсепти ачкан. Экинчи тайм башталганда Майер өзү гол киргизди. Бир нече мүнөттөн кийин мьянмалыктар эсепти 2:1 кылып кетишти. Кошумча убакыт кошулганда дагы бир топту кое беришти. Ошентип эсеп 2:2 болуп калды. “2:0 утуп жатып, тең чыкканыбыз, албетте ич күйгүздү, мындай болбош керек эле”, — деди машыктыруучу Александр Крестинин. “Биз үчүн күйүп, бүт дити менен көргөн күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Аба-ырайынын айынан оюн татаал болду, бирок бул футбол, баары болот экен”, – деди коргоочу Темирлан Козубаев. Ошентип Кыргызстан А тайпасында 3-орунда калды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.