Мелис Турганбаевдин күлүктөрү 95 миң сом утту

Мелис Турганбаевдин күлүктөрү 95 миң сом утту

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленди. Анда ат оюндар болуп, аламан байгеде 1-орунга Сокулук районунун Жал айылынан келген Каныбек Кадыркуловдун Кундуз деген күлүгү татып, “Ниссан Авенир” автомашинасын утуп алды. 2 орун – Мелис Турганбаевдин Темир деген күлүгү 70 миң сомго ээ болсо, 3-орунду Тогуз Булак айылынан келген Медил Алиевдин Камбар деген күлүгү ээлеп, 50 сомду илип кетти.

Жорго чабышта 1 орун – Бострилик Үмөт Акбашевдин Стрелка жеген жоргосу “ВАЗ-2199” автомашинасын утуп алды, 2-орун – Бостери айылынын тургуну Турсунбек Адамалиевдин Гариславна жоргосу 70 миң сомго, 3-орун – Бар-Булак айылынан келген Жаныбек Салиевдин Чардаш жоргосу 50 сомго татыды.

Кунан чабыштан Шор-Булактан келген Улан Усубалиевдин Кайберен аттуу кунаны  жеңип, 50 м сомго, Мелис Турганбаевдин Золотой аттуу кунаны экинчи болуп, 25 миң сомго, Аламединдин Арчалысынан келген Уларбек Шергазиевдин Чий Кашка кунаны үчүнчү болуп, 10 миң сомго татыды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.