Клара Алибековага ороңдогон милициялар жазасын алды

Клара Алибековага ороңдогон милициялар жазасын алды

Клара Алибекованы видеого тартып, орой мамиле жасаган милициялар табылганы менен аларга чара көрүлө электигин жазган элек. Аларга чара көрүлгөнү бүгүн билинди.

Таалай ЖАЙЫЛОВ: “Чечимди Клара Алибекованын колуна бердик”

Бул ишти алып барып жаткан ИИМ өкүлү Таалай Жайылов бүгүн мындай деген жообун айтты:Ырчыны видеого тартканы үчүн кызматтык тартип боюнча аларга катуу жазаларын бердик. Андан тышкары, бул ишти тергөө органына жибердик. Аларга ошол жактан юридикалык баа берилет. Биз чыгарган чечимди Клара Алибекованын колуна бердик”.

Бурул КАРАГУЛОВА: “Кларага кол салган да Азамат, видеого тарткан да Азамат”

Акын Бурулкан Карагулова эжебизге эл ишеним көрсөткөндөн кийин, бул ишти колго алып, өтөөсүнө чыкты. ИИМге күнүгө үстөккө-босток чалып отуруп, акыры кол салган адамдын да, видеого тарткандын милициянын да аты-жөнүн билип алды. Бурулкан эжебиз алар жөнүндө мындай дейт:

Кларага биринчи кол салган жигиттин аты-жөнү — Азамат Айдыралиев. Ошондон качып, патрулдан жардам сураган. Патрулдардын ичинен видеого тарткандын аты да — Азамат, фамилиясы — Аманбеков. Аманбеков мурда ырдаганды жакшы көргөн, камерага тартып жүргөн любитель болгон. Кийин милицияга (МАИге) ишке орношкон. Псевдоними Азат. Жанындагы экөөнүн бири шоопур, бири автоматчик. Бул эргулдар ИИМдин ССБ бөлүмүнүн кызматкери Таалай Жайыловдун тыкан иликтөөсүнүн негизинде табылышты. Азамат Аманбековдун айтуусу боюнча, ал Клара Алибекованы тааныбаган имиш. Бул жөн гана актануу. Арадан 10 күн өткөндө тартып алган видеосун ушул чын эле Алибековабы же башкабы деп жазып, «МАМАТ» ырчылар тобунун группасына жөнөткөн имиш. Алардын арасында ырчы Өктөм Сапар уулу да бар экен, бирок, Өктөм ал видеону көрбөптүр. Көрсө, ошол замат токтотмок экен. Алар ар кандай шылтоо менен Клараны айыптаганга, жаманатты кылганга өтүштү. Бирок, закон жол берген жок.

Кечирим сурап жатышат. Кечирим болбосун баса белгиледим. Ошо тушта Омбудсменден (акыйкатчы Кубат Оторбаев өзү Клара Алибекованы кабыл алып, сүйлөшүп, «маселени чечебиз» деген — авт.) чалып калышты. Кайра прокуратурадан чалышты. Анан журналисттер жана ар кайсы сайттан чала башташты. РОВДлар, участкалар... Айтор, кылмышкерлер табылгандан кийин, «жардам» бере тургандар алеки саатта толуп кетишти. Бирок, бардык ишти, бизди алып барган, жеткирген ж.б. баарын Бакыт Сейитов колго алган. Миң жашасын алтын бала БАКЫТтай!

Эскерте кетсек

“Ютубга” милицияга кайрылган ырчы Клара Алибекованын видеосу коюлуп, социалдык түйүндөрдө талкууга алынган. Ал видеодо ырчы кимдир-бирөөнүн колунан зордукталып кала жаздап, качып чыгып, милицияны көрүп калып, аларга жардам сурап кайрылган. Алапайын таппай, жүрөгү түшүп калган кызга милициялар орой мамиле кылышкан. “Крышаң кетип калган жок беле?” деп шылдыңдашкан. Коомчулук милицияга кыжырданып, бул маселени көтөрүп чыгышкан.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.