Атамбаевге байкотпу?

Атамбаевге байкотпу?

Казак-кыргыз чегарасындагы ызы-чуу басылбай турганда, Кытай тарап ал жактагы кыргыздарга шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттты. Мындай маалымат соцтүйүндөрдө тараганы менен шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кандайча ажыратып жаткандыгын тактай албадык. Ошондой эле түшүнүксүз себептерден улам 13-19-октябрда Шанхайда өтө турган кайык менен сууда сүзүү Азия чемпионатына бара турган Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүнө жана машыктыруучусуна Кытай элчилиги виза берүүдөн баш тартты.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасинден да расмий жооп келген. Өткөндө өкмөт башчыбыз Сапар Исаков Москвага барганда, Баткенде орустардын дагы бир аскердик базасын ачууну суранган экен, буга орус тарап: “Орусиянын Тажикстанда аскердин базасы жана Кыргызстандын Кант шаарында аскердик авиабазасы бар. Бизге эки база жетиштүү. Аны кеңейтүү планыбызда жок” дешкен.

Мындай терс көрүнүштөр Атамбаевге байкотпу же жөн гана бардыгы бир мезгилге туш келип калганыбы?

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.