БШКнын айтымында Атамбаев мамлекеттик кызматкер эмес экен”

БШКнын айтымында Атамбаев мамлекеттик кызматкер эмес экен”

Ажо Атамбаев мамлекеттик резиденцияда мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, “наш кандидат” деп ачык эле айтып алган. Атын атабаганы менен Сооронбай Жээнбековду бийликке сүйрөп, өзүнүн ордуна калтырып кетүүнү көздөп, амбиция, эмоцияга алдырып жатканы ар бир сүйлөгөнүндө көрүнүп эле жатпайбы.

Ажонун ошол сөзүнөн кийин, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы Адил Турдукулов “президенттик аппаратка же президенттикке талапкер С.Жээнбековдун штабына эскертүү берүү” боюнча арыз таштаган. Ал арызды БШКнын жумушчу тобу карап, четке какты. Алардын айтымында, ажо Атамбаев мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт экен. Ошондой эле мамлекет башчы кол тийбестик макамына ээ болгон үчүн эч нерсе кыла алышпайт имиш.

А мыйзам боюнча…

«Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.